Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө токтомго кол коюлду

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө токтомго кол коюлду

Аталган токтом КР Өкмөтүнүн расмий Интернет баракчасында жарыяланды.

 КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-январындагы №6 токтому

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө

Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестри (мындан ары – Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри) бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин:

- Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын долбоору;

- Муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн типтүү административдик регламентинин долбоору.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин 2015-жылдын 1-июлунан тартып жетекчиликке алышсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги бекитилгенге чейин учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акы төлөп көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтерин макулдашсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр Дж.К.Оторбаев

Тиркеме