ЭҮЖӨБОЖ долбоору “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” Эл аралык конференциясына эксперттерди чакырат!

ЭҮЖӨБОЖ долбоору “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” Эл аралык конференциясына эксперттерди чакырат!

Конференция 2015-жылдын 12-13-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

“Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” Эл аралык конференциясы тууралуу

ЖАРЫЯ жана ЭКСПЕРТТЕРГЕ ЧАКЫРУУ

2015-жыл, 12-13-март, Парк-отель, Бишкек, Кыргыз Республикасы

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында эксперттерди “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын консолидациясы жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, эффективдүүлүк, ишеним” деген аталыштагы эл аралык конференцияда сөз сүйлөөгө же ага катышууга чакырат.

Көз карандысыз эксперттердин, аналитикалык борборлордун, коммерциялык эмес уюмдардын баяндамалары үчүн сессиялар:

  • 1-сессия. Мамлекет, ЖӨБ жана жарандар: тирешүүбү же өнөктөштүкпү?
  • 2-сессия. Жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү үчүн ресурстарды башкарууга жарандардын катышуусу: коррупцияны болтурбоонун механизмдери
  • 3-сессия. Ресурстарды башкарууда натыйжалуулукту баалоо
  • 4-сессия. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу көйгөйлөрү жана жетишкендиктери

Башкаруу органдарынын баяндамалары үчүн сессиялар:

  • 5-сессия. Мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара аракети: ажырымдар жана аларды жеңүү жолдору
  • 6-сессия. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуулугунун жана ийгилигинин факторлору: актуалдуу көйгөйлөр жана жетишкендиктер
  • 7-сессия. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык жана экономикалык негиздерин күчтөндүрүү
  • 8-сессия. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде башкаруудагы ачык-айкындуулук жана коррупцияга каршы туруу

Катышуучунун аты-жөнү, ээлеген кызматы жана иштеген жери, баяндамасынын темасы көрсөтүлгөн, эркин формада жазылган табыштаманы 2014-жылдын 15-февралына чейин саат 24.00дөн кечиктирбестен Office@dpi.kg дареги боюнча жиберүүңүздү өтүнөбүз.

Уюштуруучулар табыштаманы четке кагууга укуктуу.

Толук маалымат алуу үчүн ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда Добрецовага NDobretsova@dpi.kg дареги боюнча кайрылсаңыз болот.

Конференцияга каржылык колдоону Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору көрсөтүүдө, www.vap.kg