“БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР”

“БАКУБАТ ЖАШОО: УШУЛ ЖЕРДЕ ЖАНА АЗЫР”

Плакаттын "одуракай" тили жергиликтүү маанидеги маселелер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун фундаменталдуу баалуулуктарын бириктирет.

Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун колдоосу менен “Муниципалитет” журналынын атайын долбоору. Сынак дайыма эле «жогорку бийликтен ырайым» күтүү позициясынан (патерналисттик күтүүлөр) жашоону ушул жерде жана азыр жакшыртуу үчүн жигердүү өз алдынча иш-аракеттерге өтүү керек деген маанайда коомдук пикирди өзгөртүүгө көмөктөшүү максатын көздөгөн.

Жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусун көзгө урунгандай, актуалдуу жана түшүнүктүү кылуу максатын көздөгөн плакаттардын сынагы өз муниципалитеттериндеги көйгөйлөргө кайдыгер карап тура албаган замандаштарыбыздын көмөгү менен ийгиликтүү өттү. Кесипкөй жана үйрөнчүк сүрөтчүлөр жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, аны менен катар бюджеттик процесске катышуусу жашоо сапатын жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу ыргагына олуттуу таасир эте алат деген ырастаманы плакатта чагылдырып бере алышты.

Бардык региондордон түрдүү жаш курактагы катышуучулардан түшкөн эмгектерди ийне-жибине чейин талкуулагандан кийин 2014-жылдын 25-декабрында сынактын калыстары чечим кабыл алышты. КР Сүрөтчүлөр союзунун өкүлдөрү, А.Чуйков ат. Көркөм окуу жайынын директору, ЖӨБЭММА өкүлдөрү, Өнүктүрүү саясат институнун жетекчиси, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун өкүлү кирген калыстар тобунун мүчөлөрү “Вечерний Бишкек” гезитинин кабарчысынын катышуусунда кызуу талаш-тартыштардан кийин сынактын жеңүүчүлөрүн аныкташты:

  • I орун - Андрей Гард. “Өз алдынча башкаруунун өзүнүн эле колунан келет”, триптих, Бишкек;
  • II орун –“Хара-Бара” студиясы “Түнкү Бишкек”, Бишкек;
  • III орун – Дүйшөбек Искаков. “Тырмооч”, Чолпон-Ата;
  • III орун – Сонун Толукбаева. “Бала бакча”, Чолпон-Ата;
  • III орун – Рейхан Турдиева. “Сен кайсы шаарды тандайсың?”, Бишкек.

Атайын байге (ЖӨБ деңгээлинде жарандардын бюджеттик процесске катышуусу): 

  • Шыктандыруучу байге – Алексей Скачков. “Балдар аянтчасы токтотмо эмес”;
  • Шыктандыруучу байге – Саламат Жумалиев. “Орун жок”, Бишкек;
  • Шыктандыруучу байге – Камал Жалалов. Эмгектердин сериясы, Жалал-Абад;
  • Шыктандыруучу байге –Дмитрий Фёдоров. “Өзүбүз башкаруудабыз”, Бишкек;
  • Шыктандыруучу байге –Бегаим Бекболотова. “Кургакчылык”, Токмок;
  •  Шыктандыруучу байге – Самидин Жоробаев. “Таштанды”, Ош.

Атайын байгелер (15-18 жаштагы авторлор):

  • Алтынбек уулу Улукбек –“Cуу”, Чолпон-Ата;
  • Кубанычбек уулу Асан –“Аткаминердин портрети”, Жалал-Абад;
  • Байыш уулу Эрлан – “Жамбаштап жаткан кандай сонун”, Жалал-Абад;
  • Темирбек уулу Фархат – “Бош кудук”, Чолпон-Ата;
  • Жылдызбек Болотбеков – “Ысык-Көлдөгү таштанды”, Чолпон-Ата.

Уюштуруучулардан атайын байге:

  • Тургунбай Ташкузиев – “Ош: кечээ-бүгүн-эртең”, Ош;
  • Инна Пискарёва – “Мэрге салам”, Бишкек;
  • Карыпбек Рыскелдиев – “Таштаба”, Бөкөнбаев айылы (Ысык-Көл обл.);
  • Александр Верещагин – “Санитардык кыйып алуу”, Каракол;
  • Аделина Бекенова – “Ар бир кечте менин ойлорум”, Токмок;
  • Виктория Кулик жана Влас Комков – “Маршрутка”, Бишкек.