Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизилди

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизилди

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык 254¹-статьясынын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталат:

«Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарына өзү билип курулган курулуш, эгерде аны жүзөгө ашырган адам аныкталбаса, тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими боюнча бузулууга жатат.

Өзү билип курулган курулушту бузуу, аны бузуу жөнүндө чечимди кабыл алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат».

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.