Сакалды айыл аймагынын жашоочулары маданияттын өнүгүшүн колдоого алышты

Сакалды айыл аймагынын жашоочулары  маданияттын өнүгүшүн колдоого алышты

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар өз каалоосун добуш берүү аркылуу январь айынын аягында өткөн айылдык жыйында билдиришти.

2015-жылдын 27-январында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Сакалды айыл өкмөтүнүн (АӨ) имаратында жергиликтүү жамааттын жалпы жыйналышы болуп өттү. Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы аткарылган жумуштары тууралуу жалпы маалымат
  2. 2012-2014-жылдагы Биргелешкен аракет пландын аткарылышы (БАП)
  3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБ) аткарган иштери боюнча маалымат
  4. 2015-2017-жылга карата түзүлгөн Биргелешкен аракет планды талкуулоо
  5. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тандоо жана комиссиянын курамын түзүү

Күн тартибине ылайык, биринчи жана экинчи маселе боюнча АӨ башчысы Махаматали Султанов маалымат берди. Ал эми үчүнчү маселе боюнча Сакалды АӨнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Э.Умаров маалымат тартуулады.

Төртүнчү маселе боюнча демилгелүү топтун мүчөсү Ш.Масиров 2015-2017-жылдарга БАП долбоорун талкууга койду. Анын айтымында, ӨСИ ишке ашырган швейцариялык-британиялык долбоор келген 2012-жылдын башында эл менен чогуу көйгөйлөрдү аныктап, 14 көйгөй эң маанилүү деп табылган жана алардын ичинен 11 көйгөй азыркы убакытка чейин толугу менен аткарылган. Ал эми январь айында 2015-2017-жылга БАП иштелип чыгып, анда 7 көйгөй аныкталган. Бул көйгөйлөрдүн негизинде демилгелүү топтор (ДТ) долбоорлордун жана анын кыскача баяндамаларын иштеп чыгып, чыгымдала турган каражат эсептешкен. Алардын ичинен негиздүү делген 3 долбоор элдин талкуусуна коюлду.

  1. Биринчи долбоор боюнча ДТ жетекчиси М.Назирбаев жыйналышта сөз сүйлөп, Аримжан айылынын маданият үйүнө керектүү эмерек сатып алуу аркылуу көйгөйдү чечүү жолдору жана күтүлүүчү натыйжалар, жалпы сарптала турган каражаттын өлчөмү менен тааныштырды.
  2. ДТ мүчөсү Э.Умаров катышуучуларды аймактын Чоң-Багыш айылынын Осмонов көчөсүнө таза суу түтүктөрүн алмаштыруу тууралуу экинчи долбоор менен тааныштырды.
  3. Үчүнчү долбоор боюнча ДТ жетекчиси З.Камбаров баяндама жасап, Чек айылындагы таза суу көйгөйүн чечүү максатында трансформатор сатып алуу долбоорун тартуулады.

Долбоорлор тартууланып бүткөн соң, жыйналыштын катышуучулары негиздүү деп эсептелген долбоорду добуш берүү аркылуу тандоону сунушташты. Анын жыйынтыгында Чоң-Багыш айылындагы көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу долбооруна 39, Чек айылындагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн трансформатор сатып алууга 45, Аримжан айылынын маданият үйүнө жаңы эмеректерди сатып алууга 101 адам добуш беришти.

Добуш берүү аяктаган соң, АӨ башчысы Султанов М. бул маселе көптөн бери чечилбей келе жаткандыгын белгилеп өттү. "Бизде Маданият үйү бар, бирок ал жерде азыр Сакалды чек ара заставасынын курамы жайгаштырылган, - деди ал. - Долбоор жана тышкы инвесторлордун жардамы менен чек арачылар үчүн атайын имарат куруу жагы каралып жатат. Ушул маселе чечилсе, Маданият үйү бошойт. Мурда ушул Чоң-Багыш клубунда чоң жыйналыштар өткөн жана дагы өтөт деп ишенемин".