"Тегерек стол": Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын ажыратуу жана ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү

"Тегерек стол": Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын ажыратуу жана ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү

Талкуу Бишкек шаарынын «Holiday» мейманканасында өтөт. Башталышы саат 09.00.

2015-жылдын 20-февралында КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – ЖӨБЭММА) Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен биргеликте “Мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын ажыратуу жана ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү” аттуу темада тегерек стол талкуусун өткөрөт.

Мамлекеттик бийлик органдары менен ЖӨБОнун функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу жаатында 2013-2017-жылдарга ЖӨБны өнүктүрүү Программасын аткаруу үчүн ЖӨБЭММАнын демилгеси боюнча 2014-жылдын 19-декабрында Өкмөттүн №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Токтому кабыл алынган. Аталган токтомго ылайык, 4 министрлик жана ведомство (Соцфонд, Улуттук статкомитет, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги) өз ыйгарым укуктарын ЖӨБ органдарына өткөрүп беришет. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмү 190 млн. сомду түзөт. Мындай каржылоо ЖӨБОнун мамлекеттик ыйгарым укуктарды дагы да сапаттуу жана ыкчам аткаруусун, ошондой эле бюджеттик каражаттын үнөмдөлүүсүн, муну менен жалпысынан бийликке болгон ишенимди камсыздамакчы.

Анткен менен жергиликтүү деңгээлде өздөрү иштейби, же ЖӨБО менен аракеттерин бириктиреби – муну азырынча чече элек калган министрликтердин жана ведомстволордун линиясы боюнча ЖӨБ органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун каржылоо маселеси дале курч турат.

ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жаатында конституциялык жана мыйзам чыгаруу ченемдерин жүзөгө ашыруу маселелери ушул иш-чаранын катышуучуларынын талкуу предмети болуп эсептелет. Мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды ачык ажыратып, мамлекеттик ыйгарым укуктарды талаптагыдай өткөрүп бермейин тийиштүү башкаруу органдарынын жоопкерчилигин так аныктоо жана калкка өз убагында, сапаттуу кызмат көрсөтүүнү камсыздоо мүмкүн болбойт.

Иш-чара өтчү күн жана убактысы: 2015-жылдын 20-февралы, саат 09:00дөн 12:00гө чейин
Иш-чара өтчү жер: Бишкек шаары, «Holiday» мейманканасы.