Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарында 2014-жылдын бюджеттеринин аткарылышы боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарында  2014-жылдын бюджеттеринин аткарылышы боюнча коомдук угуулар өткөрүлөт

Бюджеттин аткарылгандыгы тууралуу коомдук угуулардын жүрүшүндө жергиликтүү калктын ЖӨБ органдарына болгон суроо-сунуштарын айтуу жана аларды ачык талкууга чыгаруу мүмкүнчүлүгү да түзүлөт.

2015-жылдын 18-февралынан 3-мартына чейинки аралыкта Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айрым айыл аймактарында 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча коомдук угуулар уюштурулмакчы.

Мындай коомдук угууларды өткөрүүнүн негизги максаты – 2014-жылы жергиликтүү бюджеттердин эсебинен кандай жумуштар аткарылып, аларга канча каражат кандай жол менен сарпталгандыгы тууралуу талкуунун жүрүшүнө жергиликтүү калкты тартуу болуп эсептелет.

Коомдук угуулардын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары тарабынан жергиликтүү калкка айылдык аймакта 2014-жылы аткарылган ишчаралар, алар менен бирге ал иш-чараларга ар бир статься боюнча канча каражат жумшалгандыгы негизделген толук отчет берүүлөрү күтүлүүдө. Аталган механизм жергиликтүү бюджеттердин акча каражаттарын ачык жана максаттуу пайдаланып жаткандыгын так көрүүгө жардам берип, ошол эле учурда калк үчүн айыл аймакта жасалып жаткан иш аракеттерге сарпталган жергиликтүү бюджетинин киреше булактарын жана чыгымдардын кайда багытталгандыгын көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүнө жардам берет.

Бюджеттин аткарылгандыгы тууралуу коомдук угуулардын жүрүшүндө жергиликтүү калктын ЖӨБ органдарына болгон суроо-сунуштарын айтуу жана аларды ачык талкууга чыгаруу мүмкүнчүлүгү да түзүлөт.

Толук маалымат: Нургуль Жаманкулова, ӨСИ маалымат саясаты боюнча адиси, тел.: 0312 976530 (доб. 107), моб.: 0770 771711, 0555 313385, э-почта: njamankulova@dpi.kg