Кыргыз Республикасынын келечекте өнүгүүсүнүн туруктуулугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) жарандарды татыктуу жашоо шарттары менен камсыздай алуу жөндөмүнө жараша болот

Кыргыз Республикасынын келечекте өнүгүүсүнүн туруктуулугу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун (ЖӨБ) жарандарды татыктуу жашоо шарттары менен камсыздай алуу жөндөмүнө жараша болот

2015-жылдын 13-14-март күндөрү Бишкекте “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” аттуу Эл аралык конференция өтөт.

 ММК үчүн маалымат:
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, +996 770 771 711, NJamankulova@dpi.kg

2015-жылдын 13-14-март күндөрү Бишкекте “Мамлекеттик бийлик бутактарынын, ЖӨБ органдарынын жана жарандардын биригүүсү жана натыйжалуу өз ара аракети: ресурстар, натыйжалуулук, ишеним” аттуу Эл аралык конференция өтөт.

Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети жана Швейцария Өкмөтү Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги менен кызматташтыкта каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ЖӨБдү өнүктүрүүгө карата мамилеси 2010-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилге салыштырмалуу түшүнүктүүрөк болуп калды. ТӨУС, бир катар башка стратегиялык документтер жана башкаруу органдары жүргүзгөн саясат мамлекеттин мамлекеттик башкарууда борборлоштурууну азайтуу (децентралдаштыруу) принциптерин карманганын ырастап турат. Анткен менен мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз ара мамилелерине; башкаруудагы маанилүү реформаларга, анын ичинде административдик-аймактык реформалардын өз ара байланышына; регионалдык башкаруу системасын жалпысынан түзүүгө жана жарандарды жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине тартууга (жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусунун конституциялык укуктарын ишке ашыруусу) байланыштуу бир катар маселелер чечилбеген бойдон калууда. Бул маселелерди чечүү башкаруунун мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу деңгээлдеринде макулдашылган аракеттерди талап кылат. ЖӨБ чөйрөсүндө макулдашылган реформалардын стратегиялык багытын талкуулоо үчүн Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Аталган конференция Кыргыз Республикасындагы ЖӨБдүн өнүгүү багытын эл аралык тажрыйба менен салыштырып көрүп, ошондой эле өлкө ичинде топтолгон прогрессивдүү тажрыйбаларды жана кетирилген каталарды талкуулоого жол ачат.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана депутаттары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын жетекчилери, жарандык коомдун, донордук жамааттын, ММК өкүлдөрү катышат.

“Мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жарандар: кызматташтыктын эволюциясы” деп аталган 1-сессиядагы баяндамаларда үч тараптын – мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын өз ара аракети талкуунун рефрени болуп калат. Административдик, аймактык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу реформаларынын байланышы, “электрондук өкмөткө” өтүү каралат. Ушул өңдүү кайра түзүүлөрдү башынан өткөрүп, географиялык жана тарыхый маңызынан алып караганда Кыргыз Республикасына баарынан жакын деп эсептелген Латвиянын административдик-аймактык реформаларынын жыйынтыктарына арналган баяндамалар каралган. ЖӨБ органдар (муниципалдык кыймыл) менен өкмөт системасы ортосундагы сүйлөшүү процесси талкуунун маанилүү темасы болуп калат. Себеби мунсуз “мамлекет – ЖӨБ” системасынын натыйжалуу жана тең салмактуу иши мүмкүн эмес. Соңунда мамлекеттин, ЖӨБдүн, жарандык коомдун жана бизнестин аракеттерин бириктирген секторлор аралык ыкмасын муниципалдык башкарууда колдонуу тенденциялары тууралуу да сөз болот.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде ресурстарды башкарууда эффективдүүлүк жана ачык-айкындуулук, коррупцияга каршы туруу” аттуу 2-сессиянын баяндамачылары мамлекеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үстүнөн контролуна токтолушат; жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстеги коррупциянын тобокелчиликтерине баа беришет жана аларды азайтуу боюнча чараларды карап чыгышат; ЖӨБ органдары тарабынан мыйзам бузууларды болтурбоо практикасына баа берип, аны менен катар “контролдоочу органдар эмнеге артыкчылык беришет – текшерүүлөргөбү, же алдын алуу чараларынабы?” деген суроого жооп табууга аракет жасашат. Ошондой эле жер ресурстарын башкарууда айкындуулуктун жана коррупциянын өңүттөрү муниципалдык кыймылсыз мүлктү жана жерди башкаруунун эл аралык жана кыргызстандык тажрыйбалардын алкагынан каралат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык жана экономикалык негиздерин күчтөндүрүү” аттуу 3-сессия бюджеттер аралык мамилелердеги реформалардын ийгиликтерине жана көйгөйлөрү, бюджеттик теңдештирүү системасын куруу тажрыйбасы, салыкты башкарууда реформалар тууралуу баяндамаларды камтыйт.

“Жарандардын бюджеттик процесске катышуусу. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айкындуулугу жана отчеттуулугу” аттуу 4-сессия калктын ЖӨБ органдарына карата ишеним маселесине, Кыргызстан менен Польшада жарандардын бюджеттик процесске жана чечим кабыл алуу процессине катышуу практикасына, ошондой эле ЖӨБ органдарынын айкындуулугун жана отчеттуулугун баалоонун инновациялык аспаптарына (анын ичинде бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексине) арналат.

“Жарандардын кызыкчылыгында жана алардын катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуу жана ийгиликтүү болушунун факторлору: актуалдуу көйгөйлөр жана жетишкендиктер” аттуу 5-сессиянын баяндамаларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн башка актуалдуу маселелери, ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарынын өз ара аракети, шайлоо системасын өркүндөтүү жана партиялык системанын ЖӨБ деңгээлинде чечим кабыл алуу процессине тийгизген таасири; жамааттын чакырыктарына жооп катары муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу программаларын түзүүгө катышуусу каралат.

Конференцияга катышууну каалаган журналисттер Нургуль ЖАМАНКУЛОВАДАН каттоодон өтүш керек, +996 770 771 711, NJamankulova@dpi.kg