21 муниципалитетте эки миңден ашуун жаран жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын талкуулады

21 муниципалитетте эки миңден ашуун жаран жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын талкуулады

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, катышуучулардын жалпы саны 2000ге жакын болду.

2014-жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жыйынтыктарын талкуулоо процессине калкты тартуу максатында 2015-жылдын 18-февралынан 3-мартына чейинки мезгил аралыгында Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 21 айылдык аймагында коомдук угуулар өттү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, катышуучулардын жалпы саны 2000ге жакын болду. Алардын арасында жергиликтүү кеңештердин депутаттары да, Демилгелүү топтордун (ДТ) мүчөлөрү да, жергиликтүү жамааттардын активисттери, ММК өкүлдөрү, элет жашоочулары жана башка кызыкдар адамдар болду.

Активисттердин жана муниципалитет лидерлеринин айтымында, бул иш-чараларды өткөрөрдүн алдында ЖӨБ органдары жергиликтүү демилгелүү топтордун көмөгү менен алдында боло турган коомдук угуулар тууралуу калкты кабардар кылуу максатында маалымат өнөктүгүн өткөрүштү. “Ар бир айылда эл көп чогулган жерлерде пландалып жаткан иш-чара тууралуу кыска маалыматты камтыган плакаттар илинди, - деп айтып берди Ак-Чий айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын лидери. – Депутаттарга, мекемелердин жана уюмдун жетекчилерине, ишкерлерге, жамаат лидерлерине жана айылдын карапайым тургундарына чакыруу баракчалары таратылып берилди. Анда коомдук угууларды өткөрүү эрежелери жазылган маалымат камтылган. Буга кошумча угуулар маалында катышуучуларга бюджеттин бардык беренелери – билим берүү, социалдык маселелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, АӨнүн иши, коомдук тартип, маданият жана спорт, айлана-чөйрө жана башка чыгашалар тууралуу кеңири маалыматты камтыган материалдар таратылды”.

Угуулар маалында айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүң жетекчилери катышуучуларга беренелер боюнча өз отчетторун тапшырышты жана мамлекеттик салыктар, жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес төлөмдөр, теңдештирүүчү, дем берүүчү гранттар өңдүү түшүнүктөрдү чечмелеп беришти. Өз кезегинде катышуучулар жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын эсебинен жасалып жаткан ремонттук иштердин сапатына көз салуу усулдарына тиешелүү түрдүү пикирлерин айтышты. Мисалы, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Арал муниципалитетинин жергиликтүү тургуну Абдыкерим КЕНДИРБАЕВ жолдорду ремонттоо боюнча комиссия түзүүнү жана ички жолдорду аз болсо да сапаттуу ремонттоону сунуштады. Себеби ушул тапта “акча майдаланып эле сарпталып жатат, ал эми капиталдык түрдө эч кандай деле өзгөрүүлөр байкалбайт”.

“Муниципалитеттердин географиясы ар башка, бирок көйгөйлөр бардык жерде дээрлик бирдей эле. Эми албетте айырмачылыктар да бар, - деп ой бөлүшөт ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ. – Мисалы, Ысык-Көл облусунун Кум-Бел аймагында өткөн угуулар маалында жергиликтүү жашоочулар жугуштуу оорулардын пайда болуусун алдын алуу маселесине кызыгышты. Катышуучулар жан-жаныбарлардын (иттердин, эшектердин) каналдарга ыргытылган өлүктөрү үчүн жооптуу адамдар тууралуу сурашты. Ошондой эле аталган аймактын Булан-Соготу айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу сапатына тиешелүү суроолор да жаңырды. Тургундар айрым жерлер караңгы болгонун айтып, бюджеттеги 3,5 млн. сом көлөмүндөгү калдыкты калган эки айылда сапаттуу лампаларды орнотууга жумшоону суранышты”.

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү өздөрү белгилегендей, коомдук угуулар жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун көрсөтүү, ошондой эле элет турмушундагы маанилүү маселелерди талкуулоого жана алар боюнча чечим кабыл алууга пенсионерлерди, жаштарды жана үй кожойкелерин тартуу максатында уюштурулду.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери тарабынан коомдук угууларды уюштурууга жана өткөрүүгө консультативдик-техникалык колдоо көрсөтүлдү.