ММКга ыраазычылык – кесипкөйлүк, табышкерлик жана ишине берилгендик үчүн

ММКга ыраазычылык – кесипкөйлүк, табышкерлик жана ишине берилгендик үчүн

2015-жылдын 13-февралында Бишкек шаарында “Жергиликтүү бюджет жамаатка таандык” сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо жана байгелерди тапшыруу аземи болуп өттү.

2015-жылдын 13-февралында Бишкек шаарында “Жергиликтүү бюджет жамаатка таандык” сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо жана байгелерди тапшыруу аземи болуп өттү.

Сынак өткөн жылдын июнь айында башталган. Бирок уюштуруучулар сынакка 2013-жылдын 1-сентябрынан тарта жарык көргөн материалдар катыша аларын ошол замат жарыялашкан. Себеби ошол маалдан баштап 2014-жылдын 1-ноябрына чейин бюджеттик процесс активдүү жүрө баштайт.

Эмгектерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган соң уюштуруучулар 30дан ашык автордон 200дүн тегерегинде макала, репортаж, жаңылык жана журналисттик иликтөө алды. Булар – калыстардын кароосуна берилген материалдар. Айрымдар сынактын тематикасына жооп бербеген үчүн иргеп алуу элегинен өтпөй калды.

Калыстар тобу өтө чоң жана көздүн майын алган ишти аткарышты. Алар: ЖӨБЭММА башкармалыгынын жетекчиси Венера ИСАЛИЕВА, бюджет жана финансы боюнча көз карандысыз эксперт Бакыт САТЫБЕКОВ, КТРКнын редакциялык кеңешчиси Тамара ВАЛИЕВА, Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Аида АКМАТАЛИЕВА, долбоордун ЖӨБдү өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттар боюнча ассистенти Мээрим СЕЙИТОВА жана ӨСИнин медиа консультанты Лариса ЛИ.

“Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” темасы тажрыйбалуу да, кесиптик жолунда алгачкы кадамдарын таштап жаткан жаш журналисттерге да кызыктуу болду. Өз эмгектерин борбордук жана аймактык ММК – гезиттерде, ТВ, радиодо, интернет басылмаларда иштеген журналисттер жиберишти. Алардын арасында эркин журналисттер да аз эмес. Алар бюджеттик угуулар, социалдык тапшырык, муниципалитеттердин коммуналдык чарбасын каржылоо тууралуу репортаж даярдап, жаңылык, аналитикалык макалаларды жазып, ток-шоуларды даярдашты. Таштанды тазалоо, социалдык объекттерге инвестициялоонун көйгөйлөрү, муниципалдык менчиктин абалы жана коопсуздук маселелери ж.б. өңдүү тиричилик көйгөйлөрүн козгошту. Ар бир иш балл боюнча бааланды, чечимди калыстар тобунун мүчөлөрү ар бири өз алдынча кабыл алды. Андан кийин баллдарды кошушту. Натыйжада калыстар ардак грамотасы жана акчалай байге менен сыйлоону сунуштаган 16 автор мыкты деп табылды.

13-февралда салтанаттуу тегерек столдо ӨСИнин башчысы Надежда ДОБРЕЦОВАнын жана ЖӨБЭММА директорунун орун басары Михаил ХАЛИТОВдун колунан диплом жана гүлдү төмөнкүлөр алды:

“Орус тилиндеги басма ММК” номинациясында:

  • 1-орун – Ольга ФЕДОТОВА, “Вести Иссык-Куля” гезитинин журналисти, Ысык-Көл облусу - 500$.
  • 2-орун – Галина ЛУНЕВА, “Слово Кыргызстана” гезитинин журналисти жана Елена ЖОЛОБОВА, “Чуйские известия” гезитинин журналисти–350 доллардан алышты.
  • 3-орун – Игорь ГРЕКАЛОВ, “Вести Иссык-Куля” гезитинин журналисти, Ысык-Көл облусу - 200 $.

“Кыргыз тилиндеги басма ММК” номинациясында:

  • 1-орун – Клара ЭСЕНАЛИЕВА, “Теңиртоо” коомдук гезитинин журналисти, Нарын облусу – 500$.
  • 2-орун – Жибек ЖОРОЕВА, “Алай таңы” коомдук гезитинин журналисти, Жалал-Абад облусу – 350$.
  • 3-орун – Н. КУРМАНКУЛОВА, “Айыл деминин” автору, Бишкек ш. – 200$.

“Кыргыз тилиндеги интернет сайттар” номинациясында:

  • 1-орун – Көмөндөр УСУПТЕГИН, «АКИpress» маалымат агенттигинин автору, Нарын облусу – 500$.
  • 2-орун – Анархан ЖАНЫБАЕВА, «Кабар» МА журналисти, Жалал-Абад облусу – 350$.
  • 3-орун – Роза БЕКТУРОВА, “Баракелденин» автору, Бишкек ш. жана К. СЫРДЫБАЕВА, «АКИpress-Turmush» МА автору, Ысык-Көл облусу – 200 доллардан.

“Орус тилиндеги интернет сайттар” номинациясында:

3-орун – Алла ПЯТИБРАТОВА, advocacy.kg журналисти, Ош ш. – 200$.

Журналисттик иликтөө үчүн атайын номинация:

  • Азизбек ДЖАНАЛИЕВ, фрилансер, Бишкек ш. - 1000$.

“Кыргыз тилиндеги ТВ” номинациясында:

  • 2-орун – Б. ЧАБДАРОВА, Талас облустук телевидениеси, Талас ш. жана Ж. САДЫККАЗИЕВА, Нарын облустук телерадиокомпаниясы, Нарын облусу – 350 доллардан.
  • 3-орун – Н. ШАРШЕНБИЕВА, “Дом журналиста” КУ, Каракол ш. жана Р. КАЛМАТОВ, 7-канал, Жалал-Абад облусу – 200 доллардан.

Бул күнү “Жергиликтүү бюджет жамаатка тиешелүү” сынагынын лауреаттарын салтанаттуу түрдө куттуктоону иш-чаранын коногу, журналист-котормочу Дамира АЛЫШБАЕВА феномен катары баалады: “ММКга карата мына ушундай сый мамиле, төртүнчү бийликтин ролун жана маанисин түшүнө билүү бүгүнкү күндө өтө сейрек кездешкен көрүнүш” - деди ал.