Жергиликтүү кеңештерге жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүү укугу берилди

Жергиликтүү кеңештерге жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүү укугу берилди

Буга чейин мындай укукка райондук кеңештер ээ болчу.

2014-жылдын 31-декабрындагы №182 “КР Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы менен бардык жергиликтүү кеңештерге айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртыштын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календардык жылдын ичинде бирден кем эмес жана үч жолудан ашырбай көбөйтүүгө укук берилген (337-берененин 6-п.). Буга чейин мындай укукка райондук кеңештер ээ болчу.

Мындан тышкары салыктын базалык ставкасын эсептөөдө Кз зоналык коэффициентинин мааниси эми жергиликтүү кеңештер тарабынан 3 жылда бир жолу белгиленет (буга чейин жылына бир жолудан көп эмес болчу). Кз зоналык коэффициентинин маанисинин чектери да алмашты. Буга чейин алар бардык калктуу конуштар үчүн жалпы болчу жана 0,3төн 1,2ге чейинки өлчөмдө белгиленчү. Эми болсо жайгашкан жерине жараша болот:

  1. Бишкек шаарында – 0,6дан 3кө чейин;
  2. Ош шаарында – 0,3төн 3кө чейин;
  3. башка калктуу конуштарда – 0,3төн 1,2ге чейин.

Бир жагынан бул жергиликтүү бюджетти толуктоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр, экинчи жагынан болсо бул жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан жерлерди башкаруу боюнча иштерди дагы да кылдат ойлонуп аткарууну, ошондой эле бул маселе боюнча атайын билимге ээ болууну талап кылат.