Миң-Дөбө жамааттык мультимедиалык борбору ишке киришти

Миң-Дөбө жамааттык мультимедиалык борбору ишке киришти

Апрель айынын 21нен тарта Токтогул районунун Жаңы-Жол аймагына караштуу Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебинин имаратында "Миң Дөбө" мультимедиалык борбору өз кызматын көрсөтө баштады.

Апрель айынын 19-20-21 күндөрү Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебинин имаратында Миң Дөбө мультимедиалык борбору өз кызматын көрсөтө баштады.

Борбордун координатору Үсөнканова Айжан мындай борбордун ачылышы жаштарга чоң мүмкүнчүлүктөрдүн ачылышы жана элдин үнүн чечим кабыл алуучу адамдарга жеткирүү үчүн зор курал экендигин баса белгиледи.

“Мультимедиялык борбор Өнүктүрүү саясат институтунун “Элдин үнү жана жергиликтүү өз ара башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында ачылды. Бул долбоор боюнча 2014-жылдын декабрь айында Жалал-Абад шаарында тренинг өткөрүлүп, ал семинарга жалпысынан 20 киши ар кайсы райондордон келген. Алардын ичинен биз дагы катышып, белгиленген мөөнөттө долбоор жазып конкурска катышканбыз. Жыйынтыгында биз жалпы бюджетти 4,500$ түзгөн ушул мультимедия борборду женип алдык. Апрель айларында бизге керектүү болгон техникалардын баары келип орнотулду. Бүгүнкү күндө келечекте атайын иштей турган ыктыярчылар окуп жатат. Борбордун максаты жергиликтүү башкаруу органдары менен элдин ортосунда диалог түзүү. Мисалы: мечит кызматкери болобу, мугалимдер, ата-энелер, окуучулар, жаштар, аксакалдар кеңеши, аялдар кенеши сыяктуу жамааттар менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда ар кандай алака түзүүгө жардам берет”, — деди Айжан Үсөнканова. 

Мультимедиа борбордун ыктыярчылары Батырбекова Айдана жана Бектур кызы Бурулайдын пикири боюнча, мультимедиада жаштар өздөрүнө керектүү жеке адамдык сапаттарын өнүктүрө алышат жана элге пайдалуу иштерди жасай алышат.

Даярдаган: Калыбек уулу Жолдошбек

Булак: http://kyrgyzmedia.com/2015/04/20/kyzyl-tuu-mi-d-b-zhamaattyk-multimedialyk-borboru-ishke-kirishti/