Швейцария Өкмөтү Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Швейцария Өкмөтү Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүүгө көмөктөшөт

Чүй облусунун 100дөн ашык айылдык аймагынын жетекчилери эки жыл аралыгында өнүгүү жана инвестицияларды башкаруу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

ПРЕСС-РЕЛИЗ
2015-жылдын 15-майы.
Кыргызстан, Бишкек

Чүй облусунун 100дөн ашык айылдык аймагынын жетекчилери эки жыл аралыгында өнүгүү жана инвестицияларды башкаруу көндүмдөрүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

2015-жылдын 15-майында Бишкекте Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун II фазасынын расмий бет ачары өтөт.

Бет ачарга КР Өкмөт аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Швейцария Элчилигинин, донордук жана жергиликтүү уюмдардын, ММКнын өкүлдөрү, Чүй облусунун бардык айылдык жана чакан шаардык муниципалитеттеринин башчылары катышат. Чүй облусунун ЖӨБ органдарынын жетекчилери Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин карап чыгышат жана долбоор менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Долбоорду ишке ашыруу бир нече фазага бөлүнгөн: долбоордун I фазасы 2012-жылдын апрелинен 2015-жылдын мартына чейин Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттеринде аткарылган. II фаза 2015-жылдын апрелинен 2017-жылдын мартына чейинки аралыкта Чүй облусунун муниципалитеттерин камтыйт. Андан кийин аларга Нарын жана Ош облустарынын ЖӨБ органдары кошулат.

Долбоордун максаты – калкты жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесске татууга көмөктөшүү, калк менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы диалогду орнотуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу.

Ошондой эле ЖӨБ органдарына техникалык колдоо көрсөтүү каралган, анын ичинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн сынактын негизинде гранттык колдоо көрсөтүлөт. Долбоордун артыкчылыгы – бул программа “инвестициялык машыктыргыч” катары кызмат өтөп, ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттен инвестицияларды башкаруунун көндүмдөрүн жакшыртууга жол берет.

Долбоордун II фазасынын бет ачары 2015-жылдын 15-майында Бишкек шаарындагы Байтик Баатыр көч., 34 дареги боюнча жайгашкан “Сити отель” мейманканасында өтөт. Иш-чара 9:30да башталат.

Толук маалымат алуу үчүн: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, njamankulova@dpi.kg.