Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айылында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына эстелик калыбына келтирилди

2015-жылдын 9-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы мемориал-комплексте Жеңиш күнүнө арналган иш-чара өтөт.

ПРЕСС-РЕЛИЗ
8-май, 2015-ж.
Кыргызстан, Бишкек

ММК үчүн байланыш жолдору: 
0551 040782, Учкемпирова Жаңыл,
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн кызматкери

2015-жылдын 9-майында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылындагы мемориал-комплексте Жеңиш күнүнө арналган иш-чара өтөт. Бул жерде Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына эстелик калыбына келтирилген.

Эстеликти калыбына келтирүү боюнча иштер Швейцария Өкмөтү жана Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги өнөктөштүктө каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ ) Долбоорунун колдоосу алдында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жашоочулардын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ишке ашты.

Улуу Ата Мекендик согуш маалында Чоң-Сары-Ой айылынан да аталар жана чоң аталар фронтко аттанып кеткен, алардын ичинен 173ү үйүнө кайтып келген эмес. Согушта курман болгон жоокерлердин элесине 1969-жылы азыркы аймактын территориясында уулун согушка узатып жаткан эненин эстелик-монументи тургузулган. Бирок бара-бара эстелик жана анын тегереги кароосуз калган эле.

Демилгелүү топ эстеликти калыбына келтирүү идеясын көтөрүп чыгып, жергиликтүү жашоочулардын да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да колдоосуна ээ болду. Алар бул демилгени колдоп берүү өтүнүчү менен ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна кайрылганда ал Чакан гранттар программасынын алкагында 1 млн. сом көлөмүндө каражат бөлүп берди. Жергиликтүү бюджеттен да 100 000 сом бөлүндү. Айыл өкмөтү жумуштарды сатып алууга тендер өткөрүп, анын шартына ылайык, жумушчулар эненин айкелин жана анын айлана-тегерегин көрктөндүрмөк – жаңы тосмо орнотуп, электр жарыгын өткөрүп, отургучтарды даярдап, жолун оңдоп, көчөттөрдү отургузуу үчүн суу түтүк трубаларын ремонттош керек болчу.

Эстеликти калыбына келтирүү иштерине жергиликтүү жашоочулар да жигердүү катышып, акысыз жардам беришти. Мисалы, Декенбаев Жусупбек өзүнүн жүк ташуучу машинесин колдонууга берсе, Осмонов Уланбек өзүнүн экскаваторун жана машинелер үчүн 20 литр күйүүчү май берди. Ыктыярчылар эски тосмону кулатып, аймактын тегерегин тазалоого жардам беришти. Бардык иштер өз ара макулдашылып, ынтымакта жасалып, жамааттын биримдигин бекемдеди.

Эстеликти калыбына келтиргенден кийин айыл жашоочулары согушта көз жумган жоокерлердин элесине урмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, руханий баалуулуктарга тартылчу атайын жерди уюштурушту.

“Долбоорду ишке ашырып жаткан маалда баалуу тажрыйбага ээ болдук. Биз баарыбыз айыл тургундарын маселелерди чечүүгө тартып, алардын демилгелерин колдоп, башкача айтканда иштерди чогуу бүтүрүш керектигин түшүндүк. Айыл жашоочулары алардын кызыгуусу жана активдүүлүгү маанилүү болгонун баамдап калышты. Алар мындан ары да элеттик чогулуштарды, коомдук угууларды жана башка коомдук иш-чараларды уюштурууда туруктуу жигердүү катышат деп үмүт артабыз”, - деди Чоң-Сары-Ой айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Сарбагышев Максатбек.