Административдик бузуулар жана аксакалдар соттору

Административдик бузуулар жана аксакалдар соттору

2015-жылдын жазында Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (комиссияларынын) административдик жаза-чара колдонуу жол-жобосун жакшыртуу темасы талкууланды.

2015-жылдын жазында Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (комиссияларынын) административдик жаза-чара колдонуу жол-жобосун жакшыртуу темасы талкууланды. Талкууга 40ка жакын киши катышты. Алардын арасында КР Жогорку Кеңешинин вице-төрагасы жана депутаттары, мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аксакалдар соттору, ММК жана жарандык коом уюмдары болду.
Талкууну КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик жана “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту демилгелеп, уюштурду.

Уюштуруучулардын айтымында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан административдик жаза чара колдонуусунун жол-жобосун жакшыртуу жана аксакалдар сотунун дараметин жогорулатуу боюнча чечим кабыл алуу талкуунун соңку максаты болду.

Иш-чаранын негизги баяндамачылары төм.болду: Михаил ХАЛИТОВ, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан административдик жаза чара колдонуусунун жолжобосун жакшыртуу тууралуу айтты; Бектурган ОРОЗБАЕВ, Өнүктүрүү саясат институтунун ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристи ЖӨБ органдарында административдик комиссиялардын ишин ирээтке келтирүүгө байланыштуу мыйзамдарды өркүндөтүү жолдорун сунуштады; Султан БАКАСОВ, ЖӨБЭММАнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы аксакалдар сотунун ишинде эффективдүүлүктү арттыруу жана алардын ишиндеги актуалдуу көйгөйлөрдү карап чыкты.

“Иш-чаранын уюштуруучулары катары биздин алдыбызда бир нече тапшырма турду, - деп айтып берди ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун улуттук деңгээлде иш алып баруу боюнча компоненттин менеджери Асель МАМБЕТОВА. – Биринчи кезекте биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан административдик жаза чара колдонуусунун көйгөйлөрүн, административдик комиссиялардын ишин жакшыртуу боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин, аны менен катар Административдик жоопкерчилик тууралуу КР Кодекстеги ички карама-каршылыктарды, кенемтени, эскирген нормаларды ж.б. жоюу үчүн Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин талкууладык. Аларды жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштамалар берилди. Талкууга “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу административдик тартип бузуулар боюнча комиссиялар тууралуу” Типтүү жобонун долбоору чыгарылды. Аны болсо ӨСИнин адистеринин катышуусу менен ЖӨБЭММА иштеп чыккан. Ошондой эле аксакалдар сотунун ишмердигиндеги көйгөйлөр, “Аксакалдар соттору жөнүндө” КР Мыйзамын өркүндөтүү маселелери, аксакалдар сотторунун дараметин жогорулатуу жана алардын материалдык-техникалык камсыздоо маселелери да талкууланды”.