Төрт өнөктөш муниципалитетте жамааттык мультимедиа борборлору түзүлдү

Төрт өнөктөш муниципалитетте жамааттык мультимедиа борборлору түзүлдү

Жамааттык мультимедиа борборлору жамааттык маалымат каражаттарынын механизмдерин жайылтуу максатында түзүлгөн.

Жамааттык мультимедиа борборлору жамааттык маалымат каражаттарынын механизмдерин жайылтуу максатында түзүлгөн. Алар региондордогу жергиликтүү бийликтин социалдык көйгөйлөрүн жана ишинин сапатын баяндоочулар болуп эсептелет.

Буга чейин 2014-жылдын ноябрында Жалал-Абад жана Каракол шаарларында ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана Жалал-Абад менен Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү жамааттары үчүн практикалык семинарлар өткөрүлгөн. Катышуучулардын жалпы саны 35 элеттик муниципалитеттен 68 кишини түздү. Өткөрүлгөн семинарлардын жыйынтыгы боюнча, катышуучулардын арасында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунан техникалык жардам алууга сынак жарыяланды. Сынакка 11 табыштама түштү. Сынактык комиссия аларды карап чыгып өз бааларын берди. Натыйжада төрт муниципалитетке техникалык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды:

  • Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Улахол аймагына,
  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол аймагына,
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим аймагына,
  • Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң аймагына.

Көрсөтүлгөн техникалык жардамдын жалпы суммасы 700 миң сомдун тегерегинде болду. Муниципалитеттерге жардамдын алкагында борборлордун толук кандуу иштеп кетүүсү үчүн зарыл болгон жабдуу сатып алынды. Алар: компьютерлер, мультифункционалдык түзүлүштөр, ноутбук, проектор, мультимедиа-студиясынын комплекти, үн күчөткүчтөр, смартфондор, диктофондор, фотоаппарат, USB-модем ж.б.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВдин айтымында, борборлор чечим кабыл алган адамдарга жергиликтүү көйгөйлөр жана жетишкендиктер тууралуу маалымат берүүгө көмөктөшмөкчү: “Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары негизги көңүлдү саясий жана ишкер чөйрөлөрдүн пикирлерин чагылдырууга бурат. Ошол эле маалда жамааттагы көйгөйлөр обочодо кала берүүдө. Мындан улам ишенимдүү, тең салмактуу, жаңы маалыматты жеткирген жергиликтүү булакка болгон муктаждык укмуш чоң. Иши адамдардын жашоосун жакшыртууга кызыкдар болгон бардыгы менен социалдык өнөктөштүк принциптерине негизделген ММК өтө зарыл. Азыркы учурда бул ролду жамааттык маалымат каражаттары аткарууда. Анткени алар жалпысынан жамааттагы жашоону жакшыртуу үчүн жергиликтүү социалдык мааниге ээ болгон көйгөйлөрдү биргелешип (аудитория менен) чечүүгө багытталган”.