ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун колдоосу менен дагы бир муниципалдык сайт иштей баштады

ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун колдоосу менен дагы бир муниципалдык сайт иштей баштады

2015-жылдын 4-майында Бишкекте муниципалдык сайтты башкаруу боюнча Аксы районунун Жаңы-Жол муниципалитетинин сайтынын администраторлору үчүн практикалык семинар өттү.

Жаңы-Жол айылдык аймагы Жалал-Абад облусунун Аксы районунунун чегинде жайгашкан. Жалпы аянты 10 829 гектарга барабар болгон муниципалитеттин курамына 4 айыл кирет. Ал эми үй кожолуктарынын жалпы саны 1450гө жетет. 2014-жылдын этегинде “Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын карамагында болгон маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамын аткаруу үчүн муниципалдык сайтты ачуу тууралуу өтүнүч менен ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна Жаңы-Жол айылдык аймагынын ЖӨБ органдары кайрылды.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун техникалык колдоосу менен 2015-жылдын май айынан баштап иштей баштаган www.janyjol-aksy.kg сайты иштелип чыкты. 2015-жылдын 4-майында Бишкекте муниципалдык сайтты башкаруу боюнча Аксы районунун Жаңы-Жол муниципалитетинин сайтынын администраторлору үчүн практикалык семинар өттү.

Weltkind’s WebWorks студиясынын тренер-дизайнери, иштеп чыгуучу компаниянын кызматкери Жибек ТУРГАНБАЕВА катышуучуларга сайт үчүн материалдарды даярдаганды, бөлүмдөрдү өз алдынча жаңылаганды, редакциялаганды, жайгаштырганды, ошондой эле социалдык тармактар менен иш алып барганды практикада көрсөтүп берди.