Финансылык сабаттуулук боюнча Жайкы мектептин 2015-жылдагы катышуучулары болуп тандалган эссе сынагынын катышуучуларын куттуктайбыз!

Финансылык сабаттуулук боюнча Жайкы мектептин 2015-жылдагы катышуучулары болуп тандалган эссе сынагынын катышуучуларын куттуктайбыз!

Жайкы мектеп 2015-жылдын 2-июлунан 13-июлуна чейин Ысык-Көлдөгү “Good Lake” пансионатында өтөт.

20015-жылдын 1-майынан 15-майына чейин Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 8-11-класстарынын өз регионунда финансылык агартуу лидери болууга даяр жигердүү окуучулары арасында “Фин-Билим-Сити” Жайкы мектебине катышуу үчүн сынак өттү. Жайкы мектеп 2015-жылдын 2-июлунан 13-июлуна чейин Ысык-Көлдөгү “Good Lake” пансионатында өтөт.

Дилбаян сынагына баары болуп 37 муниципалитеттен 220 табыштама түштү. 2015-жылдын 25-майында Жайкы мектептин уюштуруучулары – Өнүктүрүү саясат институту жана Билим берүү демилгелерин колдоо фонду – сынактын жыйынтыгын чыгарып, ага ылайык Кыргызстандын бардык облустарынан жана Бишкек шаарынан 37 бала тандалып алынды, дагы 17 бала резервдик тизмеге кошулду. Жайкы мекте “Фин-Билим-Сити муниципалитети” жана “Эвергриния Республикасы” бириктирилген лагерлер форматында өтөт. Лагерде медициналык кызматкер, коопсуздук кызматы, педагог-кураторлор иштейт жана ар бир баланы толук көзөмөлгө алып, көңүл бурушат. Уюштуруучулар балдарды төрт жолку тамактануу жана ыңгайлуу пансионат менен камсыздайт. Мектеп программасына финансылык сабаттуулук маселелерине окутуу, маданий программага, өздүк көркөм чыгармачылыкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине, кызыкчылыктар менен бириккендердин ийримдерине катышуу кирет. 

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВАнын айтымында, бул жылы дилбаяндар сабаттуу жазылып, тема кенен ачып берилгени менен кубандырды. “Бул жылы катышкандардын саны таң калтырды. Айталы, 2014-жылы сынакка 166 дилбаян түшкөн. Мындан тышкары дилбаяндардын мазмунунда финансылык сабаттуулук деңгээли кубандырды. Өткөн жылы сынак боюнча тандалып алынган жана атайын даярдыктан өткөн педагог-кураторлор чоң иш жасаганы көрүнүп турат. Кийинки жылы мындан да көп балдарды тарта алабыз деп ишенебиз. Анткени ийгиликтүү болуу үчүн жалпы билим берүү предметтери боюнча мектептеги билимдер жетишсиз болот. Өз акчаңды кантип башкаруу керектигин билиш керек. Бардык жерде адамга финансы тууралуу билим зарыл! Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө мыйзамдар ата-энени балдарына күн сайын акча берип турууга милдеттендирет. Ошондуктан ата-эне мектепке чейинки курактагы балдарды акчасын туура сарптаганга, өз чыгашаларын пландаганга үйрөтөт.

Кыргызстанда болсо дээрлик эч ким балдарды финансыны башкарууга үйрөтпөйт. Бойго жеткенде кечээ күнкү окуучу жеке бюджетин пландоону, эс алууга, дарыланууга, билим берүүгө акча чогултканды билбейт. Өзүн жана болочоктогу балдарын финансы жагынан коргой албайт. Эгерде мектептен эле финансылык сабаттуулугун жогорулата баштабаса, чоңойгондо ийгиликке жете албайт”.

“Фин-Билим-Сити” Жайкы мектеби оюн форматында өтүп, катышуучулар муниципалитетте жашап, жарандык компетенцияга, жеке жана муниципалдык финансыны башкарууга үйрөнүшөт.

Мектеп Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) финансылык колдоосу алдында өтөт.