Асанаалы АРЫКОВ: “Мен Ивановкада 60 жылдан бери жашайм, бирок мындай футбол талаасын көргөн эмесмин!”

Асанаалы АРЫКОВ: “Мен Ивановкада 60 жылдан бери жашайм, бирок мындай футбол талаасын көргөн эмесмин!”

2015-жылдын 16-июнунда Ивановка айылдык аймагында чакан футбол талаасынын расмий бет ачары болуп өттү.ъ

Мына ушинтип кубанычын жашыра алган жок кубанычтуу окуянын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө футболдун ардагери, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык аймагынын ардактуу тургуну. Иш-чарага 150 киши катышты.
2 млн. 263,6 миң сомго бааланган чакан футбол талаасын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары донорлордун жана демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен кура алышты.

2015-жылдын 16-июнунда КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын, Ысык-Ата райондук администрациянын, Ивановка ААнын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн, “Сайрон” коомдук уюмунун жетекчисинин, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун, жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана депутаттарынын, жергиликтүү жашоочулардын жана журналисттердин катышуусунда объекттин расмий бет ачары өттү.

Ивановка АӨ башчысынын орун басары Канатбек АЛИЕВдин айтымында, өзүнүн футболдук талаасында топ тебүүнү жергиликтүү жаштар гана эмес, айылдык аймактын бардык тургундары да көптөн бери кыялданып келген: “Биздин аймак өзүнүн спорттук жетишкендиктери жана атактуу спортчулары менен белгилүү. Бүгүн болсо биз биргелешкен аракеттер менен алдыга коюлган максатыбызга жете алдык. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору, “Сайрон” коомдук уюмунун жана жалпы аракеттер менен кыялды орундаттык. Бүгүн болсо жаңы ӨЗҮБҮЗДҮН футбол талаабызды ачуу үчүн ушул жерге чогулдук. Балдарыбыз республикалык да, дүйнөлүк да деңгээлдерде албан ийгиликтерге жетет деп ишенебиз”.

КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын жана райондук администрациянын өкүлдөрү да жергиликтүү жамаатты куттуктап, ЭҮЖӨБОЖ Долбооруна ыраазычылык билдиришти. Себеби ушул долбоордун алкагында Чакан гранттар программасынын линиясы боюнча “Спорт менен достошуу – ден соолукта болуу” долбоорун ишке ашырууга 400 000 сом бөлүнгөн. Ал эми “Сайрон” коомдук уюмунун жетекчиси “Массалык спорт аркылуу этностор аралык ынтымакка жетүү” долбоорун жазып, 500 миң сом көлөмүндө грант утуп алган.

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттар боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ иш-чаранын катышуучуларына Ивановка айылдык аймагынын гранттык ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу кыскача маалымат берди: “Бул футбол талаасы – Ивановка аймагынын ЖӨБ органдарынын жалгыз жетишкендиги эмес. Биз бул муниципалитет менен 2012-жылдан бери кызматташып келатабыз жана ошондон бери АӨ аппараты жана жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү менен биргеликте жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылды. Биз биргелешкен аракеттерибиз келечекте да улана берет деп чын жүрөктөн ишенебиз”.

“Биз да четте карап тура алган жокпуз, - деп сөз алды Ивановка ААнын айылдык кеңешинин төрагасы. – Жергиликтүү бюджеттен да 1 млн. 363,6 миң сом бөлүнгөн. Жалпысынан бул жаңы аянтчага 2 млн. 263, 6 миң сом багытталды. Бул майрам менен биз баарына биргелешкен аракеттер менен чоң жыйынтыктарга жетүүгө боло турганын көрсөткүбүз келди. Мунун далили – кубанычыбыздын себепчиси болгон объект – жаңы футбол талаасы. Биздин аймакта 8 команда футбол ойнойт, алар 6 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар жана бүгүн арабызда турушат. Спорт үчүн жаш курактын мааниси жок. Биз баарыбыз спорт менен алектенип, ден соолукта болушубуз керек. Учурдан пайдаланып, бардык жашоочуларга, өзгөчө жаштарга талаанын курулушунун жүрүшүндө кайдыгер эмес мамиле жана жигердүү жардам үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келүүдө. Ыраазычылыгыбызды спорттун жана өз айылынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы менен билдиргибиз келди”.

Андан ары куттуктоо сөздөрүн жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү айтып, айылдын жигердүү жашоочуларына Ардак грамоталары жана донорлорго ыраазычылык билдирген сертификаттар тапшырылды. Ардак грамота менен сыйлангандар:

  • Асанаалы АРЫКОВ, футболдун ардагери;
  • Вахобжон РАСУЛОВ, “Сайрон” коомдук уюмунун жетекчиси;
  • Каныбек ЖЕКШЕНОВ, жаштардын өкүлү;
  • Анвар ВОИНОВ, жаштардын өкүлү;
  • Бекболот БЕКИЕВ, “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси.

Расмий бөлүк аяктагандан кийин символикалык кызыл тесме кесилип, алгачкы символикалык гол киргизилди. Чогуу түштөнгөн соң биринчи достук матчы өтүп, байге фонду 6000 сомду түздү.