Чүй облусу: алгачкы жолугушуулар жана кызматташтыктын башаты

Чүй облусу: алгачкы жолугушуулар жана кызматташтыктын башаты

2015-жылдын 16-июнунан 24-июнуна чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун аймагында «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун 12 максаттуу муниципалитетинин өкүлдөрү менен багыт берүүчү жолугушуулар өткөрүлдү.

2015-жылдын 16-июнунан 24-июнуна чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун аймагында «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) 12 максаттуу муниципалитетинин өкүлдөрү менен багыт берүүчү жолугушуулар өткөрүлдү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун кызматкерлери муниципалитеттердин жашоочуларына, активисттерге, ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана катардагы кызматкерлерине, депутаттарга Кыргызстанда ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдында отчеттуулугун жогорулатууга багытталган Долбоор тууралуу, жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусун кантип жогорулатуу керектигин, канткенде калктын жергиликтүү бийликке болгон ишеним жогорулатса болорун, айылдарда жана шаарларда турмуш шарты үчүн жоопкерчиликти кантип бөлүштүрүү керектигин айтып беришти.

Кызматташтык ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин жана депутаттарынын дараметин жогорулатууну, Долбоор тараптан туруктуу техникалык колдоо, консультациялар болгон чакта күнүмдүк иште жаңы билимдерди жана башкаруу көндүмдөрүн иш жүзүндө колдонууну караштырат. Баары болуп жолугушууларга 326 киши катышты. Долбоор менен кызматташтык ЖӨБ органынын жетекчилиги тараптан дайыма саясий эркти жана аны көрсөтүп турууну, башкарууда айкындуулукту жогорулатууну, бюджеттик маалыматты ачыктоону, жергиликтүү маанидеги чечимди кабыл алууда жергиликтүү жамааттын пикирин жана керектөөлөрүн эске алууну камсыздоонун үстүнөн иштөө аракетин талап кылат. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен 12 максаттуу муниципалитеттин ЖӨБ органдарынын ортосунда Кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Оптималдуу жыйынтыктарга
жетүү үчүн ар бир муниципалитетте көп сандагы иш-чараларды, маалымат алмашуу жана жергиликтүү калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн шарт түзүүгө багытталган башка аракеттерди координаци ялоо үчүн кызматкерлерди жана жамаат өкүлдөрүн
аныктап алышты. Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, бюджет тууралуу маалыматты ачыктоо ЖӨБ органдарына бюджеттик каражаттар кайда, кантип жана кандай көлөмдө сарпталып жатканы тууралуу
ыңгайсыз суроолордон куткарат. «Биз ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен иштешкибиз келет, өз бюджетибиз тууралуу маалыматты жарандарга берүүнү каалайбыз. Анын үстүнө бул жылы жергиликтүү бюджетибиздин киреше бөлүгү көбөйөрү күтүлүп жатат».

ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташууда муниципалитеттер тараптан дайындалган жоопкерчиликтүү жана жигердүү жарандарды Долбоор кубаттап, алар үчүн атайын окуу өткөрдү.