Александровка муниципалитетинин ЖӨБ органдары аймактын тарыхындагы алгачкы коомдук угууларды өткөрүштү

Александровка муниципалитетинин ЖӨБ органдары аймактын тарыхындагы алгачкы коомдук угууларды өткөрүштү

Уюштуруучулар катышуучуларга өз сунуштарын жана суроолорун кагаз бетине түшүрүп, аларга өткөрүп берүүнү өтүнүп, ар бир сунуш изилденип, эсепке алынат деп убада беришти.

2015-жылдын 26-ноябрында Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айлынын тургундары үчүн маанилүү окуя болду – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалитеттин тарыхында биринчи жолу коомдук угууларды өткөрүштү. Иш-чаранын негизги темасы катары уюштуруучулар айылдын аймагындагы катуу тиричилик калдыктары маселесин сунушташты. Угууларга жергиликтүү жамааттын, АӨ кызматкерлеринин, АК депутаттарынын, аксакалдар сотунун өкүлдөрүнүн арасынан 100дөн ашык киши катышты.

Угууларды айыл өкмөт башчысы Ш. СУШАНЛО ачып, муниципалитеттин турмушуна катышуу ниети менен келгендердин баарына ыраазычылыгын билдирди. “Биз “Александровка” чакан ишканасын (ЧИ) түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз. Бул ишкана катуу тиричилик калдыктарын (КТК) чыгарып кетүү үчүн жооптуу болот, - деп кайрылды ал иш-чаранын катышуучуларына. – Атайын иш-чараларды – айыл муктаждыктарын аныктоо боюнча ЖМБА-сессияларын өткөрүүнүн жүрүшүндө таштанды чыгарууну уюштуруу көйгөйү артыкчылыктуу деп аталган. Бул иштер ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуубуздун алкагында жасалды. Биздин айыл өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча облустагы 12 пилоттук муниципалитеттин бири болуп тандалып алынган. Азыртадан эле биздин кызматташтыктын алгачкы жемиштерин көрүүгө болот. Бүгүн биз сиздерге “Тазалык – ден соолуктун кепилдиги” деп аталган долбоорду сунуштайбыз. Долбоор биздин аймактын чегинде таштанды, калдыктар менен күрөшкө багытталган”.

Андан кийин башчынын орун басары Данияр КАЙНАЗАРОВ “Александровка” чакан ишканасын түзүү боюнча долбоорду сунуштады. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, “Александровка” мекемесинин иши үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы айына 55 500 сомду түзгөн. Таштанды чыгаруу үчүн сунушталган тариф – ар бир үй кожолуктан 70 сомдон. “Александровка” ишканасында 9 адамдын иштөөсү сунушталды.

Андан кийин таштандыны апта сайын чыгаруунун алдын ала графиги көрсөтүлдү. График жашоочулардын ыңгайына жараша түзүлгөн – алар таштанды кайсы күнү, саат канчада жыйналарын алдын ала билип алса, ошол маалда үйлөрүндө болушмак. Айыл өкмөт башчысынын орун басарынын баяндамасынан кийин угуулардын катышуучуларынан көптөгөн суроолор жана сунуштар түштү.

Ошондой эле РЭСтин мисалында ар бир үй кожолук менен жеке келишим түзүү тууралуу сунуш да түштү. Ал эми жарандардын категориясы боюнча тарифтерди аныктоо үчүн ар бир айылда элдик жыйын өткөрүп, ар бир жашоочуга бул маалыматты жеткирип, пикирлерин билүү сунушталды.

Кызмат көрсөтүүнү төлөө үчүн квитанция тууралуу суроого башчынын орун басары бул карала турганын айтты. “Таштанды үчүн төлөгөн ар бир кишиге квитанция берилет, ал жерде баары жазылат. Таштанды үчүн акы айдын аягында, факт боюнча төлөнөт. Баары мыйзам чегинде болот. Ал эми квитанциянын экинчи жагында биз эч ким унутпашы үчүн жаңыланган графикти жазып коёбуз”, - деди ал.

Адаттагыдай эле суроолор көп, ал эми убакыт тар болду. Уюштуруучулар катышуучуларга өз сунуштарын жана суроолорун кагаз бетине түшүрүп, аларга өткөрүп берүүнү өтүнүп, ар бир сунуш изилденип, эсепке алынат деп убада беришти.

Угуулардын соңунда АӨ башчысы катышуучуларга иштегенге мүмкүнчүлүк берүүнү өтүндү. “Албетте ар бириңердин сөзүңөр жүйөлүү. Ар бириңердин турмуштук тажрыйбаңар жана өз көз карашыңар бар. Бирок баарын таза барактан баштоону өтүнөм. Өткөндү казбай, ким жана эмне үчүн деп териштирбейличи. Биз бири-бирибизге душман эмеспиз да. Келгиле, биз сунуштап жаткан схема боюнча иштегенге аракет кылып көрөбүз. 2-3 айдан кийин кайрадан чогулуп, жыйынтык чыгара алабыз да. Бизге жардам берип, колдоо көрсөтүүңүздөрдү өтүнөм. Бизге иштегенге мүмкүнчүлүк бергилечи! Сындаганды баары эле билет. Каталарыбызды айтып тургула, бирок ошону менен чечүү жолдорун да сунуштагылачы. Биз силер мененбиз го!”, - деди ал.