Кемин шаарында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) колго алуу маселелери боюнча коомдук угуулар өттү

Кемин шаарында катуу тиричилик калдыктарын (КТК) колго алуу маселелери боюнча коомдук угуулар өттү

Угуулар тууралуу жарыяны камтыган баннерлердин жана афишалардын жардамы менен калкты кеңири маалымдашты.

“Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу” темасына коомдук угуулар 2015-жылдын 30-ноябрында №2 орто мектепте өттү. Ага 57 шаар тургуну, анын ичинде 29 аял катышты. Иш-чарага негизинен пенсия курагындагы адамдар келип, жаштар бул иш-чараны көңүл сыртында калтырып коюшту.

Угуулар башталардын алдында катышуучулар тема боюнча материалдарды, ошондой эле суроолорду жана сунуштарды жазуу үчүн бланктарды алышты. Угуулардын жүрүшүндө катышуучулар өткөн жыл үчүн жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматка ээ болушуп, таштанды жана тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди өзгөртүү боюнча сунуштарды угушту. Иш-чаранын убагында КТКны чыгаруу боюнча чыгашалардын жалпы көлөмү жыл ичинде 1,8 миллион сомду түзгөнү, ал эми чогулган акча шаар боюнча араң гана 116 миң сомго жеткени белгилүү болду. Ошол эле кезде калк үчүн тариф айына ар бир короо үчүн 5 сомду түзөт. Таштанды чыгаруу үчүн калктан жыйымдар 2009-жылы бекитилген. Анда солярканын баасы 25 сом болчу. Ал эми азыр болсо кырдаал өзгөрдү – күйүүчү майдын бир литри 40 сомду түзөт. Албетте бул каражаттын олуттуу жетишсиздигине алып келип, калктуу конуштун санитардык абалына да таасирин тийгизди. Угуулардын катышуучулары моюнуна алгандай, кээ бир көчөлөрдө таштанды толуп кетти; туура эмес жайларда үйүлгөн таштандылар көзгө жагымсыз учурайт. Айтор бул чөйрөдө олуттуу, атүгүл кооптуу да кырдаал түзүлдү. Ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан чукул чара көрүлүүш керек эле. Буга байланыштуу мэрия бардык эсептөөлөрдү жүргүзүп чыгып, анын негизинде тарифти ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн 10 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.  

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча Кемин шаарынын “Перевалбаза” районунда таштанды жыйноо жана чыгаруу чөйрөсүндө канчалык олуттуу кырдаал түзүлгөнү маалым болду. Анткен менен бул маселе боюнча угуулардын катышуучуларында түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бир нече варианттары бар болгону аныкталды. Алар сурамжылоо баракчаларына сунуш катары киргизилди. Калктын жана кеңешти кошкондо жергиликтүү бийлик органдарынын кызыкдарлыгы, таштандыны жок кылуу маселелери боюнча коомдук угуулардагы жетишкендиктер бул көйгөй жакынкы мезгилде чечилип калат деген оптимисттик тыянак чыгарууга жол ачууда.

Маалымат: 2015-жылы Кемин шаары ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калды. ЖМБА-иш-чаралар комплексин өткөрүү процессинде (262 катышуучу) жолдордун жана канализациялык системанын начар абалы, таза суунун жетишсиздиги, көчөлөрдө жарыктын жоктугу, таштанды жыйноонун жана чыгарып кетүүнүн төмөн деңгээли, мектепке чейинки билим берүү, спорт менен алектенүү жана жаштардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүсү үчүн шарттардын жоктугу, жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларынын начар абалы шаардагы биринчи кезекте чечилиш керек болгон тапшырмалар катары аталган. Ошентсе да, шаардыктардын басымдуу бөлүгү таштанды жыйноону жана чыгарып кетүүнү эң маанилүү жана көйгөйлүү маселе катары белгилешкен.

Долбоорду ишке ашырууну шаар мэриясы КТК жыйноо жана чыгаруу көйгөйүнө арналган коомдук угуудан баштады. Мындай иш-чаралар буга чейин такыр өткөн эмес. Ошол себептен мэриянын кызматкерлери чоң даярдык иштерин жүргүзүштү. Биринчи кезекте бул кызмат көрсөтүүнү аталган шаар районунун тургундарына жеткирүүнүн жолдорун изилдеп, анализ жүргүзүштү. Андан кийин жыйынтыктарды эсепке алуу менен калкка маалымат берүү үчүн материалдарды даярдашып, иш жүзүндөгү кирешелерди жана чыгашаларды, жаңы тарифтерди эсептеп чыгышты. Угуулар тууралуу жарыяны камтыган баннерлердин жана афишалардын жардамы менен калкты кеңири маалымдашты. Мындан тышкары калк үчүн чакыруу барактары басып чыгарылып, таратылды.