ЖӨБ органдары муниципалдык кызматка өтүп жаткандар үчүн суроо-жооптору бар атайын окуу китебин иштеп чыгууну сунушташты

ЖӨБ органдары муниципалдык кызматка өтүп жаткандар үчүн суроо-жооптору бар атайын окуу китебин иштеп чыгууну сунушташты

Бул сунуш Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү тарабынан айтылды.

2015-жылдын 11-ноябрында маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын элүү өкүлүнүн катышуусунда “Муниципалдык кызматчыларды баалоого жана салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан актуалдуу маселелер” темасына тегерек стол талкуусу өттү.

Иш-чараны КР Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) жана ЭҮЖӨБОЖ Долбоору уюштурду. Уюштуруучулар күн тартибине бир катар өзгөчө маанилүү жана актуалдуу темаларды алып чыгышты: муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби жана ЖӨБ органдарына салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү. 

Өз сөзүндө КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег ТАРБИНСКИЙ муниципалдык кызматты өнүктүрүү боюнча КР МККнын иши, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоору, муниципалдык кызматчылардын ишин баалоого карата жалпы мамиле, ЖӨБ органдарынын мамлекеттеги ролу жана класстык чендерди берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтып берди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бакыт РЫСПАЕВ Кыргыз Республикасынын аймагында ЖӨБ органдарынын дараметин өнүктүрүү жана күчтөндүрүү боюнча долбоорлорго жана программаларга кенен токтолуп, бул процессте донордук да, жергиликтүү да уюмдардын маанилүү ролун белгиледи. Ал ошондой эле Ысык-Көл облусунун айрым элеттик муниципалитеттеринин кошуна айылдык аймактарга жайылып жаткан алдыңкы тажрыйбасына басым жасады. Агенттиктин башчысы тиешелүү жогорку билими бар жакшы адисти тартуу үчүн тиешелүү айлык акы керектигин белгилеп кетти.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат өтөө бөлүмүнүн башчысы Калыбек АЛЫШБАЕВ чогулгандарга ЖӨБ органдарындагы муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары тууралуу маалыматты берди. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат өтөө бөлүмүнүн адиси Гүлназ КУРМАНОВА муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тартиби тууралуу айтып берди. Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек ЖАКЫПОВ ЖӨБ органдарынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди айтты.

Талкуунун катышуучуларынан – Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнөн маанилүү сунуштар түштү. Мисалы, курс боюнча тест электрондук вариантта болуш керек. Себеби бул угуучуларга тесттин баасын алып, өз жоопторун объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк бермек. Ошондой эле тесттер ачык-айкын жана угуучулар үчүн жеткиликтүү болуш керек. Мындан тышкары кайра байланыштын электрондук форматы да болуш керек деген сунуш болду.