Чүй районуна караштуу айыл аймактарынын өкүлдөрү Чакан гранттар программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты

Чүй районуна караштуу айыл аймактарынын өкүлдөрү Чакан гранттар программасына катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты

Бул мүмкүнчүлүк аларга 2016-жылдын 12-январында Токмок шаарында өткөрүлгөн атайын окутууга катышуудан кийин берилди.

2016-жылдын 12-январында Чүй облусунун Чүй районуна караштуу айыл аймактарынын (Бурана, Сайлык, Искра, Онбир-Жылга, Ак-Бешим, Шамши, Кегети, Ибраимов, Кош-Коргон) 18 өкүлүнүн катышуусунда долбоорлорду иштеп чыгуу жана башкаруу боюнча окутуу болуп өттү. Окутуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Тренер, Долбоордун гранттар боюнча адиси Султан Майрамбековдун айтуусуна ылайык, окутуунун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан жогорку активдүүлүк байкалды.

“Теориялык билимден кийин практика бөлүгүнө өткөндө, катышуучулар топторго бөлүштүрүлүп, атайын көнүгүүлөрдү аткарышты – дейт тренер. – Көнүгүүлөрдүн соңунда ар бир катышуучу өз тапшырмасын калган катышуучуларга тартуулады. Аткарылган тапшырмаларда ар бир катышуучу өз муниципалитетине кайтып барган соң, иштеп чыга турган долбоордун милдеттерин, тапшырмаларын, катышуучуларын, мөөнөтүн, пайда көрө турган тараптарды жана анын туруктуулугун сүрөттөп берди. Тренер тарабынан, албетте, жакшыртууга багытталган кеп-кеңештер жана эскертмелер берилди. Окутуунун бул бөлүгүндө өзгөчө көңүл долбоорлордун реалдуулугуна жана алардын бюджетине бурулду”.

Катышуучулардын айтымында, өткөрүлгөн окутуу абдан маанилүү болду.

Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы Турсуналиев Бакытбек белгилегендей, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасынын табыштамасы жана сынактын талаптары АРИС уюумунун дем берүүчү гранттарды алуу процедураларына окшоштугу зарыл учур. “Анткени ар бир табыштама толтурган сайын көп убакыт табыштаманы түшүнүп, анан керектүү иш кагаздарын топтоого эле кетет. Ал эми силердин Долбооруңардын сынак Жобосунун талаптарына ылайык көндүмдөрдү биз бүгүн кыйла жакшыртып, жаңыртып алдык. Эми биздин алган билимибиз сынакка катышууда бир кыйла убакытты жана эмгекти үнөмдөйт” – деди ал.

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн адиси Тынайбекова Махабаттын айтымында, окутуунун пайдалуу жагы – бардык материалдар жеткиликтүү жана жөнөкөй тилде берилгендигинде болду. Бирок ага кошумча дагы кеңештер берилсе да ашыкча болмок эмес деп белгиледи адис.