Бурана аймагынын тургундары өз келечегин тандашты

Бурана аймагынын тургундары өз келечегин тандашты

Мындай чечим 2016-жылдын 1-февралында болуп өткөн айылдык жыйындын катышуучуларынын добуш берүүсүнүн негизинде кабыл алдынды.

2016-жылдын 1-февралында Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылдык аймагында жергиликтүү калктын катышуусу менен айылдык жыйын болуп өттү. Жыйындын күн тартибине коюлган негизги маселе – катышуучулардын кароосуна тартууланган 3 долбоордун бирин тандап алуу болгон.

Жыйынды ачып жатып, Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Ибраимов М. Аймакта ишке ашырылып жаткан Долбоор жана анын алкагында жарым жылдын ичинде аткарылган иш аракеттердин натыйжалары тууралуу кыска маалымат берип өттү. Андан соң эрежеге ылайык добуш берүү процедуралары такталып, эсеп комиссиясы бекитилген соң, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын коргоп, атайын долбоорлорду түзгөн Демилгечи топтордун лидерлери өз кезеги менен топтордун мүчөлөрү менен чогуу иштеп чыккан долбоорлорун жыйындын катышуучуларын тартуулашты.

Биринчи долбоор ”Балдар биздин  келечегибиз” деп аталып, аны топтун мүчөсү Алыбаева Жумагүл, мектеп директору, айтып берди. Алыбаеванын айтымында, бул долбоордун негизги максаты – Калча атындагы орто мектептин ашканасынын канализациясын, 3-кабаттагы ички дааратканасындагы унитаздарды, умывальниктерди алмаштыруу иштерин  жүргүзүү аркылуу окуучуларга, балдар бакчасынын балдарына жана мугалимдерге 6 айда санитардык гигиеналык шарт түзүп берүү болду.

”Айкындык” деп аталган долбоор экинчи кезект тартууланып, аны топтун мүчөсү Осмонов Таалай, айыл өкмөтүнүн турмуш-тириличик чарбасы боюнча адиси тартуулады. Өз сөзүндө топтоун мүчөсү бул долбоордун максаты – Бурана айыл өкмөтүнүн  имаратында жаңы жыйындар залын уюштуруу аркылуу, Бурана айыл аймагыныны 5706 тургун өз убагында бюджет тууралуу маалымат алып туруусуна, аны менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо жана натыйжада эл менен бийликтин жакындашуусуна шарт түзүү экендигине басым жасап өттү.

Бурана айылдык аймагынын кээ бир айылдыранды дагы да болсо көкөйдү кескен көйгөй боюнча калып жаткан таза суунун жетишпегендиги тууралуу өз долбоорунда айылдык аймактын Аксакалдар сотунун төрагасы Аттокуров Капар айтып өттү. ”Суу адамдын  өмүрү” деп аталган долбоорунда аймактагы таза суу маселесинин негизи болуп – алда качан эскирип бүткөн суу түтүктөрү айтылган. Ал түтүктөр эскиргендиктен, ар жеринен тешилип, орто должо бир нече айылдардын тургундарына суу жетпей жатат. Бул, албетте, ал тургундарга кошумча кыйынчылыктарды жана ыңгайсыздыктарды алып келүүдө. Суу түтүктөрү СССР убагынан бери алмаштырылбай келе жаткандыктан, суунун агымы да начар болуп, Дөң-Арык, Мээнеткеч, Бурана жана Алга айылдарынын тургундары өз нааразычылыктарын айтып келишүүдө.

Аймак боюнча эң маанилүү деп аныкталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 3 долбоор тартууланган соң, катышуучулар тактап алуу максатында өз суроолорун беришти. Суроолорго айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери да жоопторун берип, толуктоолорун айтышты.

Күн тартибине ылайык, добуш берүү процедурасы өткөрүлүп, анын жыйынтыгын Эсеп комиссиясы маалымдады. Ал маалыматка ылайык долбоорлор төмөндөгүдөй добуштарга ээ болду:

  1. ”Балдар биздин  келечегибиз” долбоору – 71
  2. ”Суу адамдын  өмүрү” долбоору – 63
  3. ”Айкындык” долбоору – 3

Айылдык депутаттын айтуусунда бул жыйын – айылдык аймактын тарыхындагы биринчи ачык-айкын жыйын болду. “Добуш берүү процедурасы биздин көзүбүзчө ачык болуп, бардын натыйжаны, кыбыр эткен нерсенин бардыгы өзүбүз көрүп турдук. Бул биз үчүн жакшы тажрыйба болду” – деди ал.

Айылдык аймактын Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинин жыйындар бөлмөсүндө болуп өткөн бул жыйынга аймактын 130дан ашуун өкүлү катышты:  жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, Демилгечи топтордун жана долбоорлордун ишке ашырылуусун көзмөлдөө үчүн түзүлгөн Бирдиктүү мониторинг жана баалоо топторунун мүчөлөрү жана бакша кызыкдар тараптар.