Чүй облусунун 14 муниципалитети артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга 1 млн. сомдон алышат

Чүй облусунун 14 муниципалитети артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга 1 млн. сомдон алышат

Бул тууралуу өз чечимин Сынактык комиссия 2016-жылдын 30-мартында маалымдады.

2016-жылдын 30-мартында Бишкекте Чүй облусунун муниципалитеттери арасында жарыяланган Чакан гранттар программасы-2016 сынагынын жыйынтыгы чыкты. Сынактын 14 миллион сом көлөмүндөгү байге фондун Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору бөлгөн.

Баары болуп сынакка катышууга Чүй облусунун элеттик жана шаардык муниципалитеттеринен 31 өтүнмө түшкөн. 

Сынактык комиссия 31 өтүнмөнүн ар бирин карап чыгып, аларды Чакан гранттар программасынын Жобосуна ылайык 11 критерий менен баалап чыгып, төмөнкү жеңүүчүлөрдү аныктады:

  • “Таза суу – ден соолуктун кепилдиги”, Кочкорбаев АА, Ысык-Ата району;
  • “Суу – бул жашоо”, Боролдо АА, Кемин району;
  • “Балдар биздин келечегибиз”, Бурана АА, Чүй району;
  • “Жакшы жолдор көп көйгөйдү чечет”, Александровка АА, Москва району;
  • “Маданияттын өнүгүүсү – ийгиликтин кепили”, Юрьевка АА, Ысык-Ата району;
  • “Суу алгыч мунараны калыбына келтирүү”, Узун-Кыр АА, Ысык-Ата району;
  • “Таза жана көрктүү аймак”, Күн-Туу АА, Сокулук району;
  • “Биз таза аймак үчүн”, Ак-Башат АА, Жайыл району;
  • “Туура тамактануу – мыкты билимдин кепили”, Биринчи Май АА, Москва району;
  • “Тазалык – ден соолуктун кепили”, Кемин шаарынын мэриясы, Кемин району;
  • “Балдар биздин келечегибиз”, Таш-Мойнок АА, Аламүдүн району;
  • “Спорт – ден соолуктун кепили”, Кызыл-Туу АА, Сокулук району;
  • “Баары өз колубузда”, Грозденка АА, Аламүдүн району;
  • “Чоң жыйындар залынын капиталдык ремонту”, Фрунзе АА, Панфилов району.

Чакан гранттар программасы – 2016 конкурсунун жеңүүчүлөрү үчүн апрель айында “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КР мыйзамдырынын негиздери” темасына тренинг өткөрүлөт. Тренинг тендерди өткөрүүдө жана долбоорлорду ишке ашыруу процессинде башка жол-жоболорду сактоо максатында уюштурулууда.

Конкурстун шарттары боюнча, утуп алган акча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын турмуш шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоого гана колдонулуш керек.