Чүй облусунун 12 муниципалитетинин өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы боюнча окуудан өтөт

Чүй облусунун 12 муниципалитетинин өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо жүргүзүү системасы боюнча окуудан өтөт

Тренингдер маалында колдонула турган окуу усулдары жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинин негизинде иштелип чыккан.

Бул модель Долбоордун Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттеринде сыналган.

2016-жылдын 28-мартынан 19-апрелине чейинки мезгил аралыгында Чүй облусунун 12 муниципалитетинин аймагында “Жергиликтүү деңгээлде мониторинг жана баалоо системасы” темасына тренингдер өткөрүлөт.

Тренингге Чүй облусундагы айыл өкмөттөрүнүн адистери, демилгелүү топтордун лидерлери, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөлөрү, жергиликтүү кеңештин депутаттары, элеттик муниципалитеттердеги коомдук бирикмелер, Суу пайдалануучулар ассоциациясы өңдүү уюмдарынын мүчөлөрү катышат.

“Бул тренингди муниципалитеттердин өкүлдөрү кийин өз алдынча коомдук мониторинг жана баалоо өткөрүүсү үчүн уюштуруп жатабыз, - деп айтып берди тренер Медет Султамбаев. – Иш-чара үч негизги максат боюнча өткөрүлөт:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын биргелешкен аракеттер планы;
  • калктын жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөргө канааттануусу;
  • бюджет айкындуулугу;

Мындан тышкары Швейцария Өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринин өкүлдөрү менен катар тренингге Чүй облусунун максаттуу эмес муниципалитеттеринин өкүлдөрүн да чакырдык”.

1,5 күнгө созулган ар бир тренинг маалында катышуучулар кызмат көрсөтүүгө мониторинг жана баалоо жүргүзүү аспаптары, биргелешкен аракеттер планы жана бюджет айкындуулугу менен таанышат. Тренинг маалында колдонула турган окуу усулдары жарандардын бюджеттик процесске катышуу моделинин негизинде иштелип чыккан. Бул моделди Өнүктүрүү саясат институту Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы пилоттук муниципалитеттеринде сынаган.

Эскерте кетсек, КР Финансы министрлигине караштуу Координациялык кеңеш жактырган бюджет айкындуулугунун муниципалдык индексинин методикасы биргелешкен мониторинг жана баалоо топторуна, башка коомдук уюмдарга өз ара байланышта болгон үч багыт боюнча жергиликтүү деңгээлде бюджет айкындуулугун баалоого мүмкүнчүлүк берет. Алар: бюджеттик документтердин курамы, толуктугу жана көрсөтмөлүүлүгү; бюджеттик маалыматтын калк үчүн жеткиликтүүлүгү (жарандар арасында маалыматты жайылтуу ыкмалары жана бул иштин эффективдүүлүгү); жарандардын бюджеттик процесске катышуусу.

Кийин 12 пилоттук муниципалитеттин аймагында түзүлө турган биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору тренингдин соңунда мониторинг жана баалоо Пландарын түзүп, 2016-жылы ошонун негизинде иштешет деп пландалууда. Ушуну менен бирге пландар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пилоттук муниципалитеттерде иштелип чыккан жана бекитилген биргелешкен аракеттер пландарына багытталат.