“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Бул Мыйзам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 12-пунктунун ченемдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексине шайкеш келтирүү максатынды иштелип чыгып, кабыл алынган.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 12-пунктуна ылайык, салык салуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктарга салыктарды, алымдарды жана  камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо гана кирет.

Кабыл алынган Мыйзамда аракеттеги Мыйзамдын ченемин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо белгиленген: «12) алымдарды жана  камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;”.

Ошентип, салык салуу жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон  негизги мамлекеттик ыйгарым укуктар кыйла кеӊейтилди. 

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.