Бураналыктар 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулашты

Бураналыктар 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулашты

Жалпы көлөмү 9 миллион 399 миң 400 сомду түзгөн аймактын бюджетин карап чыгып, өз пикирин жана сунушун киргизгени 115 адам келди.

2017-жылдын 23-июнунда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) жергиликтүү калктын катышуусу менен, 2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулашты.

Катышуучуларды аталган талкууга чакыруу жана маалымат менен камсыздоо максатында, ЖӨБ органдары атайын маалымат өнөктүгүн өткөрүшкөн. Бул аракеттер жергиликтүү активисттерден жана лидерлерден түзүлгөн Жумушчу тобунун, Демилгечи топтордун жана Бирдиктүү мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда ишке ашкан.

Белгиленген убакта Дөң-Арык айылынын орто мектебинин чоң жыйын залында топтолгон коомдук угуунун катышуучулары менен эң биринчи айылдык кеңештин Бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы А.Токсобаев жана айыл өкмөт башчысы М.Ибраимов саламдашты. Алардын ар бири өз кезегинде коомдук угуунун максаты жана коюлган маселелери, эрежелери тууралуу айтып өтүштү.

Мындан тышкары, АӨ башчысы 2017-жылына артыкчылыктуу деп белгиленген маселелерди эске салды:

  • Жарыктандыруу – 100 миң сом
  • Суу түтүктөрүн  оӊдоого – 200 миң сом
  • Ички жолдорду оӊдоого – 200 миң сом
  • Таштандыларды чыгарууга – 40 миң сом.

Бурана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жолдошбекова тартуулаган долбоор бюджетинине ылайык, 2017-каржы жылы айылдык аймактын бюджети 9 миллион 399 миң 400 сомду түздү.

“Сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ЖӨБ органдарынын бюджеттеринин кирешелери төмөнкүлөрдөн турат:

  • Жалпы мамлекеттик салыктар
  • Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар
  • Салык эмес төлөмдөр
  • Теңдештирүүчү гранттар
  • Республикалык бюджеттен берилген каражаттар.

Кийинки жылы күтүлүүчү кирешелердин незиги булактары катары биз төмөнкүлөрдү карадык:

  • киреше салыгы – 552 миң сом (жалпы кирешенин 5,9%),
  • патенттен түшкөн салык – 360 миӊ сом (жалпы кирешенин 3,8%),
  • айыл чарба багытындагы жерлерден – 2 миллион 60 миң сом (жалпы кирешенин 21,3%),
  • айыл чарба багытында эмес жерлерден – 408,4 миң сом (жалпы кирешенин 4,3%),
  • транспорт салыгы – 555 миң сом (жалпы кирешенин 5,9%) ,
  • айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдөн – 1 миллион 859 миң сом (жалпы кирешенин 19,8%).

Ал эми 2016-жылы швейцариялык “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунан 1 миллион сом грант утуп алынган, бул грант бир жолу гана бериле тургандыктан 2017-жылдын долбооруна кирген жок, - деген маалымат берди ФЭБ башчысы.  

Бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнөн соң, чыгаша бөлүгү тууралуу да маалымат берилди. Ал маалыматка ылайык 2017-жылга бюджеттин долбоорунун чыгаша бөлүгү 9 миллион 399 миң 400 сом көлөмүндө аныкталды.

Чыгашалар негизинен төмөнкү сфераларга багытталган:

  • билим берүү – 2 млн. 549 миң сом (жалпы чыгашалардын 27%),
  • айыл өкмөттү кармоого жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөө – 3 млн. 794,5 миң сом (жалпы чыгашалардын 40%),
  • социалдык камсыздандыруу – 470 миң сом (жалпы чыгашалардын 5%),
  • маданият жана спорт – 389,9 миң сом (жалпы чыгашалардын 4%),
  • турак жай жана таштанды чыгаруу – 2 млн. 196 миң сом (жалпы чыгашалардын 23%).

Бюджет долбоору толугу менен тартууланган соң катышуучулар тарабынан суроолор менен катар сунуштар да түшө баштады:

  • Катышуучуларга угуулардын башталышында таркатылган жарандык бюджет иш-чарага чейин таркатылып берилсе, тургундардын бюджет менен таанышууга убактысы көбүрөөк болмок.
  • Бул сыяктуу угууларды аймакат бир эмес, ар бир айылда өткөрүү керек.
  • Калча айылында таза суу менен камсыздоо үчүн кийинки жылдын  бюджетине каражат кароо.
  • Айылдардагы ички каналдарды тазалоо үчүн каражат кароо.
  • Билим берүү статьясындагы кызматтык сапарларга кошумча каражат кароо (олимпиадалар, сынактар, мелдештер ж.б.).
  •  Сел коркунучун эске алуу менен ӨКМ жана коопсуздук үчүн жолбун иттерди жок кылууга көбүрөөк каражат кароо.
  • Социалдык камсыздоого кошумча каражат кароо.
  • Жардам иретинде таратылган көмүр, отунду ар бир үйгө жеткирип берүүгө каражат кароо.
  • Инфекциялык оорулардын себепчиси болгон таштанды маселесин чечүү.

Ар бир түшкөн суроого жооп берүүгө аракет жасаган ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү берилген сунуштардын бардыгы менен таанышып чыгып, 2017-жылдын бюджетин бекитүүдө эске ала тургандыгын айтышты.

Мындан сырткары, жергиликтүү калк менен талкууланып, Жумушчу тобунун, емилгечи топтордун жана Бирдиктүү мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда даярдалган Биргелешкен аракет планына (БАП) киргизилген артыкчылыктуу маселелер өз кезеги менен чечиле тургандыгы да айтылды.  

“Өзүңүздөр билгендей, БАПка аймагыбыздын айылдарында өткөрүлгөн элет көйгөйлөрүн биргеликте аныктоо боюнча иш аракеттердин жүрүшүндө сиздер аныктап чыккан маселелер киргизилген. Алардын ичинде таштанды, бала бакча, ички жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыздоо, жарыктандыруу жана башка маселелер бар. Биз аларды унуткан жокпуз. Коомдук угуунун эң башында айтып өткөндөй, алардын кээ бирлерине каражаттар өз ирээти менен кийинки жылдын бюджетине киргизилди, - деди айыл өкмөт башчысы. – Биздин эркибиз болсо, биз бардыгын эле киргизмекпиз бюджетке. Мисалы, сиздер айтып жаткан таштандынын чыгаруу үчүн атайын техника сатып алышыбыз керек. Ал техника миллион сомдон ашык турат. Аны сатып алуу үчүн биз бул статьяларда көрсөтүлгөн чыгымдардын маанилүү бөлүгүн кыскартышыбыз керек. А бул чыгымдарды кантип жабабыз анда? Биз таштанды маселесин чечүү боюнча да келерки жылы иш улантмакчыбыз”.

Бюджеттин долбоору менен таанышкан соң, келип түшкөн суроолорго оң жооп алган угуунун катышуучулары, негизинен бюджетти колдошоорун жана сунуштардын эске алынгандыгын дагы да текшере тургандыгын айтуу менен, иш-чараны аяктоону суранышты.