Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзамдын концепциясы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга багытталган:

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз  алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектөөдө конституциялык принциптерди пайдалануу;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды кошо берүү мүмкүндүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин 2- бөлүгүн аткаруу.

Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү мыйзамдын же мамлекеттик органдар менен келишимдин, ошондой эле финансылык-материалдык жактан камсыздоонун жана башка ресурстардын жоктугуна карабастан, мамлекеттик органдардын төмөнкү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жатышат: жарандарды эсепке алуу, белгиленген тартипте жарандарды каттоо жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмесин түзүү, жарандык абал актыларын каттоо, нотариалдык кызмат, аскерге милдеттүүлөрдү жана аскерге чакырылгандарды алгачкы эсепке алуу, аларды аскердик каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу, жарандарды аскер кызматына чакырууга көмөктөшүү, салыктарды жыйноо, статистиканы жүргүзүү ж.б.

Ушуга байланыштуу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин аткаруу максатында кабыл алынган Мыйзамда айрым тармактык мыйзамдарга жана кодекстерге (бардыгы 25 мыйзам) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

9-июль, 2016-жыл