Бурананын жашоочулары бюджетти талкуулоонун эң жигердүү катышуучулары болуп калышты жана ... 100 миң сом утуп алышты!

Бурананын жашоочулары бюджетти талкуулоонун эң жигердүү катышуучулары болуп калышты жана ... 100 миң сом утуп алышты!

Чүй облусунда 2016-жылдын июнь-июль айларында бюджет долбоорлору боюнча 17 коомдук угуу өттү. Талкууларга 2010 киши катышты.

2016-жылдын 23-июнунда Дөң-Арык айылында Чүй облусунун Бурана ААнын жергиликтүү жамааты бюджетти талкуулады. 115 катышуучу, анын ичинде 45 аял жергиликтүү бюджеттин 9 миллион сомдон ашык каражатын 2017-жылы кантип колдонсо болоору тууралуу беш сунуш киргизишти. ЖӨБ органы катышуучулардын дээрлик бардык сунуштарын кабыл алды. Угууларга сапаттуу даярдык көрүү, иш-чарага жашоочулардын жигердүү катышуусун камсыздоо, бюджет долбоорунда катышуучулардын сунуштарын эсепке алуу жана суроо менен сунуш берген авторлорго кандай чечим кабыл алынган тууралуу андан кийин маалымат берип туруу – мунун баары “Жарандардын бюджеттик процесске реалдуу катышуусу” Долбоорунун конкурсунда Бурана айыл өкмөтүнүн ЖӨБ органынын ийгилигин камсыздады.

Бюджетти кантип толуктаса болот жана негизинен жергиликтүү бюджеттин каражатын эмнеге сарпташ керек дегенге байланыштуу 109 сунуш берилди. 42 сунуш эсепке алынып, жергиликтүү кеңештердин депутаттары 2017-жылга пландарында бюджет долбоорлоруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты.

Бюджет долбоору боюнча коомдук угуу өткөргөн 17 ЖӨБ органынын 12си Долбоордун конкурсуна катышты. Конкурстун жыйынтыгы 2016-жылдын 14-сентябрында чыгарылды.

“Баары болуп конкурска Чүй облусундагы 12 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн 12 өтүнмө түштү, - деп билдирди Долбоордун муниципалдык финансы боюнча адиси Азамат Мамытов. – Жашырындуулукту сактоо жанаКонкурстук комиссиянын мүчөлөрү объективдүүбаа бериши үчүн бардык конкурстук өтүнмөлөрдө муниципалитеттин аталышынын ордуна коддор коюлуп, андан кийин гана комиссия мүчөлөрүнүн кароосуна жиберилди. Конкурс жергиликтүү бюджеттин долбоорунда калктын керектөөлөрүн мүмкүн болушунча эсепке алуу, ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун жана калк алдындагы отчеттуулугунун деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү жаатында ЖӨБ органдарынын тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү максатында өткөрүлдү”.

Конкурстук комиссия өтүнмөлөрдү карап чыгып, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүрдү.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун – Чүй облусунун Бурана айыл өкмөтү, 100 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 2-орун – Ысык-Ата районундагы Юрьевка айыл өкмөтү, 80 000 сомдук байге ыйгарылат.
  • 3-орун – Аламүдүн районундагы Гроздь айыл өкмөтү, 70 000 сомдук байге ыйгарылат.

Үч ЖӨБдүн ар бири 30 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байгеге ээ болду:

  • Кызыл-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Кең-Булуң АӨ, Ысык-Ата району,
  • Биринчи Май АӨ, Москва району.

Төмөнкү 6 ААнын ар бирине 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу-сооротуучу байге ыйгарылды:

  • Кочкорбаев АӨ, Ысык-Ата району,
  • Күн-Туу АӨ, Сокулук району,
  • Он-Бир жылга АӨ, Чүй району,
  • Фрунзе АӨ, Панфилов району,
  • Таш-Мойнок АӨ, Аламүдүн району
  • Боролдой АӨ, Кемин району.

Келечекте Кыргызстандын башка облустарында да ушул өңдүү конкурстарды өткөрүү пландалууда. Бирок география өзгөргөнү менен, максаттар ошол бойдон кала берүүдө. Алар:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу тууралуу Конституциялык принциптин дагы да масштабдуу сакталуусуна көмөктөшүү (КР Конституциясы, 52-берене, 3-п.);
  • бюджет долбоорунда калктын керектөөлөрүн эсепке алуу мүмкүнчүлүгү боюнча ЖӨБ органдарынын тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • муниципалитеттин өз бюджет долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүү тажрыйбасына жана каалоосуна дем берүү;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдындагы айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө чындап катышкан КР жарандарынын санынын көбөйүүсүнө көмөктөшүү.