ЭҮЖӨБОЖ долбоору Нарын облусунун ЖӨБ органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

ЭҮЖӨБОЖ долбоору Нарын облусунун  ЖӨБ органдарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Долбоордун алкагында натыйжалуу өнөктөштүк жана анын механизмдери тууралуу пикири алышышты.

2017-жылдын 10-мартында Нарын шаарында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) II фазасынын расмий бет ачары болуп өттү. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келет.

Бет ачарга КР Өкмөт аппаратынын, КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР Өкмөтүнүн Ош жана Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынын, Швейцария Элчилигинин, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, Ош жана Нарын облустарындагы бардык айылдык аймактардын жана чакан шаарлардын жетекчилери, журналисттер катышышты. Иш-чаранын 120дан ашык катышуучулары Долбоордун Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарындагы ишинин жыйынтыктары жана Долбоор менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алышты.  

Иш-чаранын жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана КР Өкмөтүнө караштуу ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жумагүл Эгамбердиева катышуучуларга жергиликтүү өнүгүүгө багытталган долбоорлор менен тыгыз жана натыйжалуу кызматташууга чакырышты.

Швейцария Элчилигинин өкүлү Люсьен Эгэртер аталган Долбоордун таржымалына кыскача токтоп өттү.

“Швейцария Өкмөтү кыргыз өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жана жергиликтүү деңгэлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртууда узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүүдө. Бул долбоор жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесс мындан дагы ачык-айкын болушуна шарт түзүп, ал эми Нарын жана Ош облустарынын айылдык аймактарынын калкына кызмат көрсөтүүлөр жакшырат деген ишенимдемин”, - деп белгиледи ал.

Андан соң Долбоорду Кыргызстанда ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун адистери Долбоорго катышуу шарттары жана анын натыйжасында күтүлүүчү натыйжалар менен тааныштырып өтүштү.

Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев: “Долбоордун I фазасы 2012-жылдын апрель айынан баштап 2015-жылдын март айына чейин Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы муниципалитеттерде аткарылган. II фазасы 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын март айына чейинки мезгил ичинде Чүй облусундагы муниципалитеттерди камтыды. Эми 2017-жылдын апрель айынан 2019-жылдын март айына чейин Долбоор Нарын жана Ош облустарындагы ЖӨБ органдары менен кызматташат” – деп айтып өттү. 

Долбоордун адистери жарандык катышуу, чакан гранттар, укуктук жана уюштуруучулук чөйрөлөрүндөгү мыйзам чыгаруучулук маселелери тууралуу өз маалыматтарын тартуулашты.

Презентациялардын бүткөн соң катышуучулар өз суроолорун берип, аларга жооптор менен кошо Долбоорго катышуу үчүн жарыяланган сынактын табыштама формаларын жана Жоболорун алышты.