ЭҮЖӨБОЖ долбоору Нарын облусунун ЖӨБ органдарын кызматташууга чакырат

ЭҮЖӨБОЖ долбоору Нарын облусунун ЖӨБ органдарын кызматташууга чакырат

Максаты: Жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдун финансыны ачык-айкын жана майнаптуу башкаруу деңгээлин арттыруу

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматташууга чакырат

Максаты: Жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуусун бир кыйла жогорулатуу менен ЖӨБ органдарынын коомдун финансыны ачык-айкын жана майнаптуу башкаруу деңгээлин арттыруу

I. ЖӨБ органдары Долбоор менен кызматташуудан эмне ала алат?

  • Жергиликтүү жамааттын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамаат ортосундагы өнөктөштүктү орнотууга көмөктөшүү.
  • Аныкталган артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга көмөктөшүү.
  • Финансы каражаттарын пландаштыруу, бөлүштүрүү жана башкаруу ыгын бекемдөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү.
  • Жергиликтүү бюджетти, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча кеңештер, ошондой эле юридикалык кеңештер.
  • Калк үчүн иш-чараларды өткөрүүдө колдоо.
  • Айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын компьютердик сабаттуулукка, муниципалдык башкарууга окутуу.
  • Башка ЖӨБ катарында сынактык жана гранттык программаларга катышуу.
  • Жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу деңгээлин, коомдук финансыны башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууда кесиптештердин тажрыйбасын жеринде үйрөнүү жана өзүнүн оң тажрыйбасын, өз жетишкендиктери тууралуу маалыматты жайылтуу мүмкүнчүлүгү

II. Ким Долбоордун өнөктөшү боло алат?

  • Бюджеттик процессти жакшыртууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандарды тартууга кызыкдар болгон айылдык аймак, чакан шаар.
  • Өз аймагында ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттын күчү менен биргелешкен иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашырып жаткан айылдык аймак, чакан шаар.
  • Анын аймагында бейөкмөт уюмдар, формалдуу жана бейформал топтор жана жарандардын бирикмелери иштеп жаткан айылдык аймак, чакан шаар.

III. Табыштаманы кантип бериш керек?

  • 1-кадам. Айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеңеш Долбоордун пилоттук өнөктөшү болуу тууралуу биргелешкен чечим кабыл алышы керек. Чечим каалаган формада түзүлөт. Долбоорго айыл өкмөт башчысынын же мэриянын, жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын атынан кол коюлган кызыккандыгы тууралуу кат тапшырылыш керек (каттын үлгүсү 1-тиркемеде).
  • 2-кадам. Айылдык аймак II бөлүмдүн 2 жана 3-критерийлерине шайкеш келгендигинин далилин Долбоорго түзүү жана берүү зарыл. Бул үчүн катка тиешелүү документтердин тизмесин тиркеш керек (2-тиркемедеги үлгү боюнча).
  • 3-кадам. Зарыл болгон тиркемелер менен кошо табыштаманы 2017-жылдын 28-мартына чейин 17:30дан кечиктирбестен Бишкек шарындагы Үмөталиев 108 дарегине жөнөтүү керек. Тел.: (0312) 97 65 30, факс: (0312) 97 65 29 же эл. дарек: office@dpi.kg. Табыштаманы берүүнүн акыркы мөөнөтү – 2017-жылдын 28-марты.

Табыштаманы алгандан кийин долбоордун жетекчилиги маалыматты ырастоо үчүн айрым кызыкдар айылдык аймактарга адисти жөнөтөт жана 14 - апрелге чейин Долбоордун пилоттук ЖӨБ катары тандалып алынган айылдык аймактардын тизмесин ачыктайт. Сынактын бардык катышуучуларына тандоонун жыйынтыгын камтыган маалымдама кат жөнөтүлөт.

Кошумча маалымат алуу үчүн Бузурманкулова Алтынайга төм. телефон номерлер боюнча кайрыла аласыз: (0312) 97 65 30, 97 65 31