Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары өз билимдерин жогорулатат

Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчылары өз билимдерин жогорулатат

Семинарга Чүй, Нарын жана Ош облустарынын мэрия аппаратынын жетекчилери менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчыларынын ичинен 250дөн ашуун муниципалдык кызматчы катышат.

2017-жылдын 12-апрелинен 26-апрелине чейин Бишкек, Токмок, Кара-Балта, Ош, Нарын шаарларында жана Кочкор айылында “Муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүүнүн тартиби, конкурс өткөрүү жана муниципалдык кызматтан көтөрүлүү тартиби” темасына семинарлар өтөт.

Семинардын уюштуруучулары: Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – МКК) менен биргеликте ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор).

Иш-чаранын программасынын алкагында презентациялар, практикалык тапшырмалар жана “суроо-жооп” сессиялар пландалган. Аларды МККнын Борбордук аппаратынын жана Долбоордун адистери өткөрөт.

Уюштуруучулардын айтымында, семинарларды өткөрүү зарылчылыгы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын ишке ашырууда ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен шартталган.

Семинарларды өткөрүүнүн графиги:

  • 12-апрель – Бишкек шаары
  • 13-апрель – Токмок шаары
  • 14-апрель – Кара-Балта шаары
  • 18-20-апрель – Ош шаары
  • 25 апрель – Кочкор айылы
  • 26 апрель – Нарын шаары

Толук маалымат