Долбоордун Ош облусундагы максатуу деп табылган өнөктөш муниципалитеттери үчүн атайын окутуулар

Долбоордун Ош облусундагы максатуу деп табылган өнөктөш муниципалитеттери үчүн атайын окутуулар

15-16-май күндөрү Ош шаарында “Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ЖӨБ органдарынын чечим кабыл алуу процессинде жергиликтүү жамааттын артыкчылыктарын эсепке алуу моделин жайылтуу” деген темада иш-чара өтөт.

Бул иш-чара Швейцария өкмөтү тарабынан каржылап, Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасында 2012-жылдан тарта аткарып келе жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында уюштурулган.

Эки күн аралыгында өтүүчү бул иш-чарага Долбоор март айынан тарта иш баштаган облустун максаттуу 10 айыл аймактарынын өкүлдөрү (айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин төрагалары жана Долбоордун координаторлору) катышат: 

  • Өзгөн району: Ак-Жар жана Жазы айылдык аймактары
  • Кара-Суу району: Шарк жана Кызыл-Суу айылдык аймактары
  • Ноокат району: Кок-Жар жана Гулистан айылдык аймактары
  • Араван району: Маңгыт айылдык аймагы
  • Алай району: Бүлөлү айылдык аймагы
  • Чоң-Алай району: Чоң-Алай айылдык аймагы 
  • Кара-Кулжа району: Ылай-Тала айылдык аймагы

Катышуучуларга:

  • ЖӨБ органдарынын чечимдерди кабыл алуу процессинде жарандардын катышуусун камсыздоо чөйрөсүндө КР мыйзамдарынын талаптары.
  • ЖӨБО чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусунун модели: ЖМБА, Демилгелүү топтор, БМжБ тобу.
  • ЖӨБ органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу.
  • Долбоордун алкагында өткөрүлө турган конкурстар тууралуу.
  • Финансыны башкаруу: ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамаат алдындагы отчеттуулугу.
  • Максаттуу муниципалитеттерде иш-чараларды пландоо жана уюштуруу.
  • Маалымат алмашуу чөйрөсүнүн өнүгүү келечеги: муниципалдык сайт, маалыматтык бюллетень, жамааттык мультимедиа борборло (ЖМБ).
  • Инвестицияларды калктын артыкчылыктарына ылайык пландоо. Чакан гранттар программасы

ж.б. темалар Долбоордун адистери тарабынан тартууланат.