Чүй, Нарын жана Ош облустарынын муниципалитеттери үчүн "Жергиликтүү демилге 2017" сынагы жарыяланды

Чүй, Нарын жана Ош облустарынын муниципалитеттери үчүн

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2017-ж. 1-августунан 30-августуна чейин тапшыруу керек.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорун (мындан ары – Долбоор) ишке ашырууда. Долбоор Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланат. Долбоордун негизги максаты – жарандардын бюджеттик процесске катышуусун камсыздоо жана жеринде кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүү. 

Долбоор "Жергиликтүү демилге 2017" сынагын жарыялады. Сынакка жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт уюмдар, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, Кыргыз Республикасынын Чүй, Нарын жана Ош облустарынын айылдык аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана жергиликтүү кеңештери катышуу укугуна ээ.

Сынакты өткөрүүнүн максаты: (1) калкты жамааттын турмушуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да активдүү катышууга шыктандыруу, (2) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча жакшы үлгүлөрдү шыктандыруу жана алар тууралуу маалыматты таратуу максатында аныктоо, (3) Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге жергиликтүү жамааттар менен өнөктөштүктө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө алдыңкы усулдарды жана жаңы ыкмаларды колдонууга көмөктөшүү.

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек. 

Бул сынактын алкагында жергиликтүү демилге катары жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге көтөрүп ишке ашырууда коомчулукка пайда келтирген; улантууну же болбосо муниципалитетте кайталоону талап кылган жана КМнин башка айылдарында колдонула турган  иш чаралар, механизмдер же методдор эсептелет. Ашар жолу менен чечилген жергиликтүү маанидеги маселе же бир жолку иш-чара эмес, өнүгүүгө багытталган демилгелерге артыкчылык берилет.

Сынак тууралуу Жобону жана табыштаманын формасын төмөндөгү шилтеме аркылуу таба аласыз:  http://vap.kg/ky/about_project/vacancies/full/70.html