Долбоор Ош, Нарын жана Чүй облустарынын бейөкмөт уюмдары үчүн сынак жарыялайт!

Долбоор Ош, Нарын жана Чүй облустарынын бейөкмөт уюмдары үчүн сынак жарыялайт!

Бир же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 10нан 29-сентябрга чейин жиберилиш керек

Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору (мындан ары – Долбоор)  Чүй, Ош жана Нарын облустарынын аймагында бейөкмөт уюм катары каттоодон өткөн жана туруктуу иш алып барган жарандык коом уюмдарын сынакка чакырат.

"Сынактын негизги максаты - жарандардын жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга, бюджеттик процесске катышуусунда укуктарын коргоодо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) тарабынан отчеттуулукка жетүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге ээ болгон жарандык коом уюмдарын (БӨУ) аныктоо жана аларга дем берүү, – дейт Алтынай Бузурманкулова, Долбоордун муниципалитеттер менен иш алып баруу боюнча адиси. – Аны менен катар сынактын бир катар тапшырмалары бар:

  • КР жарандарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгымдалган каражаттар тууралуу маалыматтарды алууга болгон конституциялык укуктарын ишке ашырууда жарандык коом уюмдарынын, анын ичинде бейөкмөт уюмдардын аракеттерин топтоштуруу;
  • жарандардын бюджеттик процесске чындап катышкан мыкты мисалдарды аныктап чыгуу, аларды колдоо жана эл арасында жайылтуу;
  • жарандык коом уюмдарынын бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүнүн түрдүү механизмдерин активдүү колдонуусуна дем берүү;
  • жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугун ишке ашыруусу үчүн шарттарды камсыздоо маселелеринде жарандык коом уюмдары менен ЖӨБ органдары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө дем берүү;
  • бюджет айкындуулугуна жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугуна жетүүсү үчүн жарандык коом уюмдары, анын ичинде БӨУ ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты чыңдоо максатында кесипкөй мамилелерди бекемдөө.

Бир же бир нече мисалды сүрөттөгөн табыштамалар Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 10нан 29-сентябрга чейин жиберилиш керек”.

Сынактын Жобосуна ылайык, жарандык коом уюмдары Өнүктүрүү саясат институтуна бюджеттик маалыматты ачыктоо жана жарандарды бюджетти талкуулоого жана ал боюнча чечимдерди кабыл алууга тартуу боюнча өзгөчө натыйжалуу жана эффективдүү тажрыйбаны же иш-чараны сүрөттөгөн табыштама бериши керек. Иш-чара 2016 – 2017 - жылдардын аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, же жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр, же бюджети иш-чарада каралган жергиликтүү мекемелер менен өнөктөштүктө уюштурулуп, өткөрүлүш керек. Иш-чара берилген формага ылайык ийне-жибине чейин сүрөттөлүшү зарыл.

Сынак тууралуу толук маалымат