Миң жолу уккандан бир көргөн артык

Миң жолу уккандан бир көргөн артык

Ош, Нарын жана Чүй облустарынын 27 муниципалитетинен кырктан ашуун өкүл жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык-айкындуулугуна жетүү жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында жарандарды бюджеттик процесске тартуу практикасы жана жергиликтүү маанидеги маселелерди биргелешип чечүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашат.

Тажрыйба алмашуу сапары үстүбүздөгү жылдын 27-28-июль күндөрү Чүй облусундагы Жайыл районунун Ак-Башат (АА) жана Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айылдык аймактарынын (АА) чегинде өтөт. Бул сапар Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында өткөрүлүп жатат.

“Бул өңдүү иш-чаралар катышуучуларга объекттерге барып, кесиптештеринин иш-чараларына катышуу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын практика жүзүндө көрүү мүмкүнчүлүгүн берет, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. - ЖӨБ органдары жана максаттуу муниципалитеттердин өкүлдөрү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачыктык жана айкындуулугу чөйрөсүндөгү жетишкендиктер, коомдук иш-чаралар алдында маалымат өнөктүгүн уюштурууда жана өткөрүүдөгү кыйынчылыктар жана анын усулдары тууралуу маалыматтар менен да бөлүшөт. Бул иш-чарага Ош облусунун 10 жана Нарын облусунун 5 муниципалитетинен айыл өкмөт башчылары жана Долбоор менен иш алып баруу боюнча айыл өкмөтүнөн координаторлор чакырылган. Ага Долбоор 2015-жылдын апрель айынан 2017-жылдын мартына чейин кызматташкан Чүй облусунун 12 муниципалитетинин башчылары да катышат”.

Катышуучулар Ак-Башат ААнын 2018-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угууларга жана Кочкорбаев ААнын “Суу – бул жашоо” ТСКАКБнын жалпы чогулушуна катышат. Кочкорбаев ААда өтө турган чогулушта 2016-жылдын жана 2017-жылдын алгачкы жарым жылынын жыйынтыгы чыгарылып, ТСКАКБнын Уставына өзгөртүүлөр киргизилип, тарифтер каралып, акы төлөбөгөндөргө карата көрүлчү чаралар талкууга алынат.