Ош, Чүй жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тажрыйба менен алмашышты

Ош, Чүй жана Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тажрыйба менен алмашышты

Тажрыйба алмашуу сапары 2017-жылдын 207-28-июль күндөрү Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун Ак-Башат жана Кочкорбаев айыл аймактарында болуп өттү.

Нарын облусунун Чаек, Ак-Талаа, Ак-Муз, Кара-Суу жана Учкун айылдык аймактарынын жана Ош облусунун Бүлөлү, Маңгыт, Ылай-Талаа, Кызыл-Суу, Шарк, Гулистан, Көк-Жар, Ак-Жар, Жазы жана Чоң-Алай айыл өкмөт башчылары Чүй облусунун алдыңкы тажрыйбалары менен таанышып кайтышты.

Тажрыйба алмашуу иш сапары 2017-жылдын 27-28-июль күндөрү болуп өттү. Иш-чара Швейцариянын өнүгүү жана кызматташуу агенттиги каржылап, Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун алкагында уюштурулду. 

Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Ак-Башат аймагынын 2018-жылга бюджет долбоору боюнча коомдук угууларына жана Ысык-Ата районунун Кочкорбаев аймагынын “Суу – бул жашоо” ТСКАКБнын жалпы чогулушуна катышышып, бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн жана жарандык бюджетти даярдоо ыкмаларынын долбоорун талкуулашты. 

Мындан сырткары катышуучулар биринчи күнү чакан футбол талаасына барышып, Ново-Николаевка айылындагы мектеп-гимназиясынын инвестицияларды тартуу таржымалы, Долбоор менен кызматташтыктын алкагында жалпы жетишкендиктери; биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун (БМжБТ) жана Демилгечи топтордун (ДТ) натыйжалары менен таанышышты. 

Иш-чаранын экинчи күнү катышуучулар Кочкорбаев айылдык аймагынын “Суу – бул жашоо” таза суу колдонуучуларынын коомдук бирикмесинин жалпы чогулушуна катышышты. Жергиликтүү тургундардын катышуусу менен өткөн бул чогулушта ТСКАКБнын 2016-жыл ичинде жана 2017-жылдын 6 айындагы иши тууралуу маалымат; ТСКАКБ Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү; ичүүчү сууну натыйжалуу пайдалануу: тарифти карап чыгуу, төлөбөгөндөр менен иш алып баруу тууралуу маалымат берилди. 

Иш-чара бүткөн соң, коомдук иш-чараларды өткөрүүдө маалымат өнөктүгүнүн ролу, ичүүчү суу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифти эсептөө, ТСКАКБ ишин уюштурууда негизги каталар өңдүү маселелер талкууланды. 

Айыл өкмөтүнүн ишинин регламенти тууралуу Долбоордун Улуттук деңгээлде иш алып баруучу Программалык менеджери Бектур Орозбаев айтып берди.

Айылдык аймакта болгон жетишкендиектер менен таанышуу максатында, катышуучулар Буденовка айылындагы Долбоордун Чакан гранттар программасынын алкагында оңдолгон суу алгыч, “Жергиликтүү демилге” конкурсуна катышкан бала бакча, Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлерине тургузулган эстелик (жергиликтүү бизнестин салымы) жана АӨ имаратында орнотулган маалымат такталары менен жеринен барып таанышышты.