Чүй облусунун Кочкорбаев муниципалитетинде ичүүчү сууну эффективдүү колдонуу маселелери талкууланды

Чүй облусунун Кочкорбаев муниципалитетинде ичүүчү сууну эффективдүү колдонуу маселелери талкууланды

2017-жылдын 28-июлунда Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айылдык аймагынын Кеңеш айылында жалпы чогулуш өттү. Ага “Суу – бул жашоо” Таза суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесинин (ТСКАКБ) мүчөлөрү катышты. “Суу – бул жашоо” ТСКАКБ өз ишин Уставдын жана Юстиция министрлигинин 2001-жылдын 26-октябрында юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн негизинде жүргүзүп келет.

Жалпы чогулуштун күн тартибине төмөнкү маселелер киргизилди: “Суу – бул жашоо” ТСКАКБнын 2016-жыл ичинде жана 2017-жылдын биринчи жарым жыл ичинде жасаган иши тууралуу маалымат, ТСКАКБ Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү, тарифти карап чыгуу, акы төлөбөгөндөр менен иш алып баруу.

“Суу – бул биздин баа жеткис байлыгыбыз жана биз аны акылдуулук менен колдонуп, үнөмдөшүбүз керек. Мен баарыңарды, урматтуу катышуучулар, бүгүн күн тартибине коюлган маселелерди талкуулоого жигердүү катышууга чакырам”, - деп айтты Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы чогулушту ачып жатып.

ТСКАКБ директору Милан КАРАГУЛАКОВ уюмдун 2016-жыл жана 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн отчету менен тааныштырды: “ТСКАКБ Кеңеш жана Буденовка айылдарынын калкын таза суу менен камсыздап келет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш-аракети “Суу – бул жашоо” ТСКАКБ менен Кочкорбаев ААнын айыл өкмөтү ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, ал эми суу колдонуучулар менен жеке келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат. Бүгүнкү күндө суу колдонуучулар айына 25 сом же жылына 300 сом төлөшөт. Кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүүлүк төмөнкүлөр үчүн камсыздалган:

  • Кеңеш айылында – 364 абонент, суу колдонуучулардын саны - 2010,
  • Буденовка айылында – 417 абонент, суу колдонуучулардын саны – 2590.

Бул жерде калктын карызы чоң көйгөй. 2017-жылы карыз 850 000 сом болгон. Бул болсо ТСКАКБнын бюджетинин 33% түзөт. Эмне үчүн мындай болуп жатат? Жообу жөнөкөй – биз сууну максатсыз пайдаланып жатабыз! Калк короо-багын ичүүчү суу менен сугарып келүүдө. Албетте маалыматтыктүшүндүрүү иштери жүрүп жатат: үймө-үй кыдырып, текшерүү акттары түзүлүп, ал акт аксакалдар сотуна өткөрүлүп берилет, алар болсо оозеки эскертүү бергени менен жыйынтыгы жок”.

ТСКАКБ кызматкерлеринин баяндамаларынан кийин талкуу өтүп, анын жыйынтыгы боюнча акы төлөбөгөндөр менен иш алып баруу боюнча сунуштар түштү.