Нарын облусунун муниципалитеттери өздөрүнүн Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышат

Нарын облусунун муниципалитеттери өздөрүнүн Биргелешкен аракеттер планын иштеп чыгышат

15-августтан 25-августка чейинки мезгил аралыгында Нарын облусунун аймагында “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттерин пландоо” аттуу окуу иш-чаралары өтөт.

“Бул тренингдерге биз айыл өкмөт башчыларын, жооптуу катчыларды, айыл өкмөтүнүн адистерин, айылдык кеңештердин жана туруктуу комиссиялардын төрагаларын, Демилгелүү топтордун лидерлерин, жергиликтүү мекемелердин (мектептердин жана бала бакчалардын, ФАПтардын) жетекчилерин, баары болуп 130га жакын адамды чакырдык, - деп айтты Долбоордун ЖӨБ органдары менен иштөө боюнча адиси Роза Суранчиева.Бардык тренингдер райондук администрациялардын базасында өтөт. Долбоор жакында эле өткөргөн практикалык тренингдерден кийин ЖӨБ органдары өз айылдарында жамааттын муктаждыктарын аныктоо боюнча иш-чараларды өз алдынча өткөрүп чыгышкан. Кийинки кадамы – аныкталып чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө ЖӨБ органдары менен жамааттын биргелешкен аракеттерин пландоо. Биздин тренингдердин жүрүшүндө катышуучулар жаңы билимге ээ болуп,  көндүмдөрдү үйрөнүшөт. Мунун баары практикалык тапшырмалар менен коштолот. Ошондой эле биз муниципалитеттердин өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен пландалган аракеттерди ишке ашыруу үчүн ресурстардын булактарын да карап чыгабыз. Ар бир муниципалитет үчүн иштелип чыккан Биргелешкен аракеттер пландары тренингдердин соңку натыйжасы болуп калууга тийиш”.

Ушул өңдүү тренингдер Ош облусунун муниципалитеттери үчүн да өткөрүлөт жана ага 250дөн ашуун киши катышат деп күтүлүүдө.