"Жергиликтүү демилге 2017" сынагы табыштамаларды алуу мөөнөтүн узартты

Мисалдарды сүрөттөгөн табыштамаларды кабыл алуу 2017-жылдын 15-сентябрына чейин узартылды.

Байге кору Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

Сынакты өткөрүү тартиби: Жергиликтүү жамааттардын лидерлери, демилгелүү топтор, бейөкмөт коммерциялык эмес уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, муниципалдык мекемелер жана уюмдар, өз алдынча же болбосо биргелешип Өнүктүрүү саясат институтуна өз айылында алардын биргелешкен демилгеси менен киргизилген/өткөрүлгөн жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өзгөчө жемиштүү, натыйжалуу тажрыйбанын/иш-чаранын сүрөттөлүшүн жибере алат. Иш-чара төмөндө көрсөтүлгөн формага ылайык деталдуу түрдө сүрөттөлүш керек.

Ар бир арыз берүүчүдөн жергиликтүү демилгени сүрөттөгөн мисалдардын саны чектелген эмес, бирок ар бир мисал бир гана көйгөйгө тиешелүү болуш керек. Сүрөттөө 1500 сөз менен чектелиш керек. Сүрөттөр бет ачардын көркүн андан да чыгармак.

ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ ЖАНА СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО

Мисалды/мисалдарды сүрөттөгөн табыштаманы табыштамалардын көрсөтүлгөн формасы боюнча Өнүктүрүү саясат институтуна 2017-ж.  15-сентябрына чейин тапшыруу керек.