“2018-жылдын бюджетин түзүүдѳ жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн узартты

“2018-жылдын бюджетин түзүүдѳ жарандардын реалдуу катышуусу” сынагы табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн узартты

Сынактын катышуучулары болуп Чүй, Ош, Нарын облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдары эсептелет. Алар 2017-жылдын 15-июнунан 20 августуна чейинки мезгил аралыгында 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук бюджеттик угууларды өткөрүшөт.

СЫНАК ТУУРАЛУУ ЖОБО ЖАНА ТАБЫШТАМА ФОРМАСЫ

Байгелер: Сынактын жалпы байге фонду – 400 000 сом. Байге фонду Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору аркылуу түзүлдү.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө гранттар төмөнкү тартипте ыйгарылат:

  • I орун – 100 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • II орун – 80 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • III орун – 70 000 сомго чейинки өлчөмдөгү грант;
  • Шыктандыруучу байгелер: ар бири – 30 000 сом өлчөмүнө чейин.

Байге каражаттары  жергиликтүү жамаат менен ЖӨБО бирге аракеттешүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдууну сатып алуу үчүн колдонулушу мүмкүн. 

Табыштамаларды «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорун ишке ашырган Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2017-жылдын 29-сентябры, саат 17.30га чейинки мезгилде бериш керек.