Нарын облусунун Чаек айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен биргелешкен аракеттер Планын талкуулады

Нарын облусунун Чаек айыл өкмөтү жергиликтүү калк менен биргелешкен аракеттер Планын талкуулады

2017-жылдын 17-ноябрында Чаек айылдык аймагында жыйын өтөт. Жыйындын жүрүшүндө ЖӨБ органдары жашоочулар менен жергиликтүү жамааттын аныкталган көйгөйлөрүн жана аларды чечүү боюнча биргелешкен аракеттер Планын талкуулашты. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары көйгөйлөрдү чечүүдө жана пландын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө (демилгелүү топтордун (ДТ) курамы) жана биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (БМжБ) активдин катышуусун да талкууга алышты. Аталган План жана ага чейинки даярдоочу иш аракеттер Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Жыйын маалында айыл өкмөтүнүн (АӨ) адистери ЖМБА-сессияларды (жамаат муктаждыктарын биргелешип аныктоо) жана бардык курактагы, жыныстагы топтордун катышуусу менен фокус-топторду өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу аймактын жашоочуларына толук маалымат беришти. Бул иш-чаралар айылдык аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо максатында өткөрүлгөн. Иш-чарада муниципалитеттин аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрү кеңири талкууга алынды. Ошондой эле ЖӨБ органы чогулуштун катышуучулары менен ААнын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча ДТ мүчөлөрүнүн жана БМжБТ мүчөлөрүнүн тизмесин макулдашты. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча БАПты иштеп чыгуунун жыйынтыгын талкуулоо чогулуштун негизги жана өзөктүк учуру болду. Мында ар бир аныкталган көйгөй боюнча аларды чечүү жолдору, анын ичинде мөөнөттөрү, жооптуулар жана пландалган каржылоонун көлөмү талкууга коюлду. 

Катышуучуларга тиешелүү маалымат берилген соң, уюштуруучулар жергиликтүү калктын катышып жаткан өкүлдөрүнөн түшкөн суроолорго жооп берип, убакыттын тардыгынан улам, жетишпей калган тараптардан сунушт-пикирлерди жана суроолорду жазуу жүзүндө кабыл алышып, аларга болгон жооптор АӨ тарабынан даярдалып, маалымат такталарга илине тургандыгын айтышты.

Жыйындын катышуучуларынын арасында отурган райондун акими Сапаров Адыл сөз алып, талкууга катышкандарга жана Чаек АӨ менен өнөктөш катары кызматташып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткан швейцариялык долбоорго ыраазычылыгын айтып өттү. Ыраазычылыгынын белгиси катары Долбоордун облустагы координатору Акысбек Досоевге Жумгал районунун ардак грамотасын тапшырды. 

“Жыйынга кошуна аймактардагы ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү да чакырылды. Алар да Чаек өңдүү буга чейин ЖМБАны өткөрүү, БАПты иштеп чыгуу, чогулуштарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча окууга катышкан. Алган билимин колдонууда кошуналардын тажрыйбасын үйрөнүү максатында Чаектеги жыйынга Нарын облусунун эки максаттуу жана он максаттуу эмес муниципалитеттеринин өкүлдөрү келишти. Булар – Швейцариянын ѳнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) өнөктөштөрү болуп эсептелишет. Айылдык чогулушту өткөргөндөн кийин Чаек ААнын ЖӨБ органынын өкүлдөрү коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, анын ичинде маалымат өнөктүгүн өткөрүү аркылуу өз ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо боюнча ишинин жыйынтыктары тууралуу тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти. Сапардын катышуучулары тажрыйбаны өздөштүргөндөн кийин Долбоордун консультанттары менен биргеликте коомдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелерди талкуулашты. Иш-чарага катышууга ЖӨБЭММАнын облустагы расмий өкүлү да чакырылган. Ушул өңдүү иш-чара Ош облусунун үч айылдык аймагында да пландалган”, - деп айтты Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев.