Нарын шаарында республикалык үч сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Нарын шаарында республикалык үч сынактын жеңүүчүлөрү сыйланышты

30-ноябрда Нарын шаарында “Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең” темасына облустук форум болуп өттү. Нарын облусунда жашаган жана иштеген, бардык үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башкалар катышкан бул Форумдун катышуучулары, бардык конкурстун жеңүүчүлөрү тууралуу, байге ээлерине ийгиликке жетүүгө эмнелер жардам бергени жөнүндө маалымат алышып, тажрыйба алмашып, муниципалитеттердин жана жарандык коом уюмдарынын тажрыйбасы менен таанышышты. Нарын облусунан аныкталган жеңүүчүлөргө жана конкурстун байге ээлерине дипломдор жана сертификаттар форумдун жүрүшүндө тапшырылат.

Иш-чараны Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору уюштурду.

“2017-жылы биздин Долбоордун алкагында өткөрүлгөн үч конкурстун жалпы байге фонду 1 397 500 сомду түздү, - деп жыйынтыгын чыгарды Долбоордун жетекчиси Бекболот Бекиев. – Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, бул каражатка жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынган жана дагы сатып алынат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук угууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү аспаптарды жана жабдууларды сатып алышууда. Мындан тышкары байге ээлеринин өтүнмөлөрү боюнча бала бакчалар үчүн оюнчуктар, китептер, столдор жана отургучтар сатып алынууда. Биз Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”.

2017-жылы Чүй, Ош жана Нарын облустарындагы муниципалитеттер арасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү демилге – 2017” конкурсунун байге фонду 765 000 сомду түзгөн. Конкурстук комиссиянын чечими менен 2-орунду “Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу”, айылдык кеңештин депутаты, Учкун айылдык аймагы, Нарын облусунун Нарын району, 100 000 сом суммасында байгеге ээ болду.

Ошондой эле Конкурстук комиссия 25 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге берүү тууралуу чечим кабыл алды:

  • “Билим берүү чөйрөсүндөгү шарттарды жакшыртуу”, Ак-Чий АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району,
  • “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө калкка жардам берүү”, Кара-Суу АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Маданият өнүккөн жерде өсүш болот”, Ак-Муз АА, Нарын облусунун Ат-Башы району,

“Семиз-Бел АА жаштарынын демилгеси”, Семиз-Бел АА, Нарын облусунун Кочкор району,

  • Буга кошумча комиссия дагы өтүнмөлөрдү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө шыктандыруучу байге ыйгарды:
  • «Ак-Талаа айылындагы "Ак-Талаа" бала бакчасынын ашканасынын ремонту», Ак-Талаа АА, Нарын облусунун Ак-Талаа району,
  • “Маданиятты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү”, Кочкор АА, Нарын облусунун Кочкор району,
  • “Элеттин өнүгүүсү үчүн айылдык кеңештин таасирин арттыруу”, Байзак АА, Нарын облусунун Жумгал району.

2017-жылы байге фонду 210 000 сомду түзгөн “Жарандарды бюджеттик процесске тартууда жарандык коом уюмдарынын (ЖКУ) ролу” конкурсу. Конкурс бейөкмөт уюму катары катталган жана Чүй, Ош, Нарын облустарындагы муниципалитеттердин аймагында иш алып барган жарандык коом уюмдары арасында өткөрүлдү. Конкурстук комиссия жыйынтык чыгарып, ага ылайык төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталды:ө байге ыйгарылды;

Комиссия кошумча төмөнкү беш өтүнмөнү белгилеп, 10 000 сом көлөмүндө “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын бюджеттик процесске катышуу укугу”, Өзгөчө муктаждыктары бар балдардын укуктарын коргоо боюнча Нарындагы ата-энелердин коомдук бирикмесине шыктандыруучу байгени ыйгарды.