Кызыл-Суу айылдык аймагынын жеңиши

Кызыл-Суу айылдык аймагынын жеңиши

2017-жылдын 7-декабрында Ош облустук мамлекеттик администрациясында "Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең" деген аталышта облустук форум болуп өттү. Иш-чара Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында өткөрүлдү (мындан ары – Долбоор).

Форумга Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттары, республикалык деңгээлде өткөрүлгөн үч конкурстун жеңүүчүлөрү, байге ээлери жана башка катышуучулары, Долбоордун өнөктөштөрү – КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары жана КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү катышышты.

Форумдун катышуучулары менен учурашып жатып, облустун жетекчилиги Долбоордун аймактарда аткарып жаткан иш аракеттерин жана жетишкендиктерин баса белгилеп, Швейцария өкмөтүнүн Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жергиликтүү демилгелерди колго алууга үндөдү.

"Мен сиздердин ийгиликтериңиз жана жетишкендиктериңиздер менен таанышып чыгып, абдан сыймыктандым, сиздер үчүн чындап кубандым. Өткөрүлгөн "Жергиликтүү демилге 2017" сынагында 1-орунду Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылдык аймагы ээлептир. Бул жеңиштин артында кандай аракеттер жана иш-чаралар тургандыгын конкурстардын катышуучулары гана билишет. Бала бакчаларда шарт түзүп берүү, жылытуу системаларын оңдоо, жолдорду оңдоо, элге таза суу жеткирүү жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдарына көптөгөн донорлор тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Жардам албетте жакшы, бирок ушул сыяктуу демилгелерди өзүңүздөр деле колдоого алып, андан ары жайылтууну колго алсаңыздар деле болсо керек. Мен сиздерге ушул багытта иш алып барууга үндөмөкмүн" - деди Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Юсупов Байыш Юсупович.

Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина Градваль дагы бардык катышуучуларга өнөктөштүк үчүн ыраазычылыгын айтып, мындан ары дагы Долбоордун алкагында уюштурула турган бардык сынактарга катышып, чоң ийгиликтерге жетишүүлөрүнө тилектештигин билдирди.

“Биздин максатыбыз – катышуучуларга жеңүүчү долбоорлор катары чыгып жаткан мыкты практиканын мисалдарын жеткирүү. 2017-жылы биздин Долбоордун алкагында өткөрүлгөн үч конкурстун жалпы байге фонду 1 397 500 сомду түздү. Жеңүүчүлөрдүн жана байге ээлеринин өтүнмөлөрүнө ылайык, бул каражатка жергиликтүү жамаат менен ЖӨБ органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртууга, анын ичинде коомдук иш-чараларды өткөрүүгө арналган жабдуулар сатып алынган жана дагы сатып алынат. Шыктандыруучу байгелердин ээлери да жеринде коомдук угууларды өткөрүү үчүн зарыл болгон түрдүү аспаптарды жана жабдууларды сатып алышууда. Мындан тышкары байге ээлеринин өтүнмөлөрү боюнча бала бакчалар үчүн оюнчуктар, китептер, столдор жана отургучтар сатып алынууда. Долбоордун алкагында жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоодо элеттик муниципалитеттердин аракеттерине дем берүү максатында аларга колдон келишинче жардам жана колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Анткени жергиликтүү жамааттар алдында жогорулатылган отчеттуулук аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү финансыны дагы да ачык жана натыйжалуу башкаруу, жеринде чечим кабыл алууга жарандардын дагы да жигердүү катышуусу Долбоордун негизги максаты болуп эсептелет”, - деп айтты Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина Градваль.

Андан ары форум өз ишин баштап, сынактарга катышкан жана мыкты тажрыйба деп өзгөчө баага ээ болгон катышуучулар, сынактарга катышкан чакан долбоорлору тууралуу айтып беришти. Презентациялар бүткөн соң, ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын кызматташтыгы аркылуу жергиликтүү деңгээлде актуалдуу көйгөйлөрдү, аларды чечүү жолдорун карап чыгып, өз пикирлерин жана жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышып, талкуулашты. 2017-жылы Чүй, Нарын жана Ош облустарынын бардык муниципалитеттери арасында өткөрүлгөн үч конкурстун жыйынтыктарын жарыялоо жана алардын жеңүүчүлөрү менен байге ээлерине дипломдор жана сертификаттарды жана белектерди тапшыруу аземи иш-чаранын өзөктүк учуру болду. 

Кошумча: