Ак-Муздагы бала бакча жаңылануу алдында

Ак-Муздагы бала бакча жаңылануу алдында

2018-жылдын 23-январында Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылдык аймагынын жергиликтүү тургундарынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси менен, жергиликтүү маанидеги маселелердин артыкчылыктуусун тандоо максаты менен уюштурулду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулардын назарына 2017-жылдын жай мезгилинде жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн, жергиликтүү жамааттын көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо иш аракеттеринин натыйжасында даярдалган долбоорлор тартууланды.  Ал долбоорлор айылдык аймактын Биргелешкен аракеттер планына киргизилген.  

“2017-жылдын жаз айларында Нарын облусунун айылдык аймактарынын арасында жаңы долбоорго катышууга чакырган сынак болуп, анын натыйжасында облус боюнча 5 аймак тандалып алынган. Биздин аймак дагы алардын арасына кирип, Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгонбуз. Жай, күз жана кыш айларында аталган Долбоордун алкагында биз көптөгөн иш-чараларды өткөрүп, өзүбүз дагы бир катар окуулардан өттүк, Долбоордун Чүй жана Нарын облустарындагы максаттуу аймактарына болгон тажрыйба алмашуу сапарларына да катыштык. Бүгүн элдин алдына алып чыгып жаткан долбоорлор биз 2017-жылдын июль-август айларында эл муктаждыктарын аныктоо максатында өткөргөн ЖМБА сессияларынын жүрүшүндө аныкталган көйгөйлөрдүн негизинде түзүлүп, атайын өз ыктыяры менен түзүлгөн Демилгечи топтор тарабынан иштелип чыккан. Алар биз аныктаган көйгөйлөрдүн тизмесинин башында туруп, элдин эң көп колдоосуна ээ болгон маселелер болчу. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан жыйындын натыйжасында катышуучулардын эң көп добушун алган бир же эки долбоор Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү...” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу укугун алат. Добуш берүү процессинде ачык-айкын жана калыс болуш үчүн, добуш берүүсү үчүн таратылган түстүү кагаздардын ар бирине атайын мөөр дагы коюп чыгып, анан таратып бердик. Албетте, жок дегенде бир долбоорубуз сынак комиссиясынын колдоосуна арзып, 1 миллион сом утуп алсак, биздин аймак үчүн чоң эле жардам болмок”, – дейт Ак-Муз айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы.​

Жаш курагы он төрт жаштан жогору болгон калкынын саны 2676 адамды түзгөн Ак-Муз айылдык аймагынын 261 өкүлү катышкан бул жыйындын жүрүшүндө 5 долбоор сунушталып, алар төмөнкүдөй добуштарга ээ болушту : 

  1. Бала бакча үчүн эмерек-жабдууларды алуу – 94  добуш;
  2. Орто мектептин имаратын оңдоп-түзөө – 79 добуш;
  3. Ички жолдорду оңдоо – 42 добуш;
  4. Таштанды полигонунун айланасын тосуу – 34 добуш;
  5. Муниципалдык ишканага атайын техника сатып алуу – 12 добуш.