Дөбөлү айыл аймагынын тургундары келечек муундарын колдойт

Дөбөлү айыл аймагынын тургундары келечек муундарын колдойт

Айылдык аймактын деңгээлинде өткөрүлгөн жыйындын натыйжалары тууралуу айылдык кеңештин депутаты Бакытбек Муталип уулу кабарлады.

2018-жылдын 30-январында Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын Алыш, Кеңеш жана Дөбөлү айылдарынан тургундарынын, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңешинин, мекеме-ишканалардын, бала-бакчалардын кызматкерлери, мектептердин мугалимдери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана башка кызыкдар адамдардын катышуусу менен жыйын болуп өттү. Иш-чара Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – швейцариялык Долбоор) алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасынын1 сынагына сунуштала турган долбоорлорду тандап алуу максатында Дөбөлү айыл өкмөтү тарабынан уюштурулду. Жыйынга жалпысынан 143 адам катышып, алардын ичинен 91 (63,6%) айымдар болду.

Аймактын деңгээлинде өткөн бул жыйындын күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду:

  1. Швейцариялык Долбоор алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасы менен катышуучуларды тааныштыруу.
  2. Айыл аймагындагы көйгөйлөрдү биргеликте аныктоо.
  3. Айыл аймагындагы аныкталган көйгөйлөрдүн ичинен эн актуалдуу көйгөйлөрдү жалпы добуш берүү менен аныктоо.
  4. Швейцариялык Долбоор алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасы менен иш алып баруу үчүн Мониторинг жана баалоо топторун түзүү.

Жыйынды Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсейитов ачып, швейцариялык Долбоордун алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасы менен катышуучуларды тааныштырды. Ал өз сөзүндө айыл аймагынын жалпы тургундары бул швейцариялык Долбоорго катышып, айыл аймагындагы актуладуу көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышууга чакырды.

Андан сон жыйынды айылдык китепкананын китепканачысы, жыйындын катчысы Тынара Сатарова сөз алып, аталган Долбоордун максаты, каржылоочу тарап, аткарылуу мөөнөтү, күтүлүүчү натыйжалары жана Чакан гранттар программасынын Жобосу тууралуу кеңири маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө ар бир айылдан келген өкүлдөргө, мекеме кызматкерлерине, кызыкдар тараптарга жана айыл тургундарына сөз берилип, айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктоо боюнча өз ойлорун билдиришип, айыл аймагындагы 8 көйгөйдү аныкташты.

Жыйындын экинчи бөлүгүндө каалаган ар бир катышуучу өз ойлорун айтып, айыл аймагындагы көйгөйлөр добушка коюлуп, добуш берүүнүн жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

  1. Ө.Токтосунов атындагы орто мектебинин авариялык абалда турган жылытуу системасын оңдоо – 103 добуш (72 %)
  2. Алыш айылындагы курулуш толук бүтө элек футболдук аянтчанын курулушун толук бүткөрүү – 0
  3. А. Аракеев көчөсүнүн 480 м. аралыгына кум-шагыл төгүп ондоо – 65 добуш (45,4 %)
  4. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн клубунун жылытуу системасын оңдоо – 43 добуш (30,1 %)
  5. Кеңеш айылындагы курулушу толук бүткөрүлө элек айылдык клубдун курулушун толук бүткөрүү – 0
  6.  Дөбөлү айыл аймагынын Ак-Там жаңы конушундагы мектеп окуучуларын Ө. Токтосунов атындагы орто мектепке ташып келүү үчүн атайын автоунаа сатып алуу – 106 добуш (74 %)
  7. Дөбөлү айылындагы “Небере Келечеги” бала-бакчасынын айлана-тегерегин тосуу, чатырчасын алмаштыруу – 68 добуш (47,5 %)
  8. Кеңеш айылындагы орто мектебине таза суу системасын киргизүү – 49 добуш (34,3 %)

Элдик жыйындын жыйынтыктоочу бөлүгүндө добуш берүү жыйынтыкталып, катышуучулардын 72 пайыз добушуна ээ болгон “Ө.Токтосунов атындагы орто мектебинин авариялык абалда турган жылытуу системасын оңдоо”, 106 пайыз добуш алган “Дөбөлү айыл аймагынын Ак-Там жаңы конушундагы мектеп окуучуларын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектепке ташып келүү үчүн атайын автоунаа сатып алуу” долбоорлорун “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлүүчү Чакан гранттар программасынын сынагына катышуу укугун беришти.

 

----------------------- 

Долбоордун Программасынын каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү жамааттын жашоо шартын жакшыртууга багытталган долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулат. Долбоордук идеялар калктын катышуусу менен анкета жүргүзүүнүн, фокус-топтордун жана элеттин көйгөйлөрүн биргелешип аныктоо боюнча иш-чаралардын (ЖМБА/PRA-сессиялар) жардамы менен аныкталган артыкчылыктарга шайкеш келиш керек.