Чакан гранттар 2018 программасына 121 долбоордук табыштама келип түштү

Чакан гранттар 2018 программасына 121 долбоордук табыштама келип түштү

2018-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Чакан гранттар программасы долбоордук табыштамаларды Нарын жана Ош облустарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кабыл алды.

2018-жылдын 15-февралы – Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун Чакан гранттар программасынын 2018-жылга долбоордук табыштамаларды кабыла алуусунун акыркы күнү болчу. Аталган күнү саат 17.00дө табыштамаларды кабыл алуу токтотулду. 

Чакан гранттар 2018 программасына долбоордук табыштамаларды кабыла алууну каттоо барагына ылайык, саат 17.00гө 121 табыштама келип түштү. Алардын 62си Ош облусунан, 59 – Нарын облусунан. Бул көрсөткүч бизди бир жагынан абдан кубандырса, экинчи жагынан түйшүккө салат го деп ойлоп турабыз. Анткени биздин Долбоорго табыштаманы даярдап жатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болгон аракеттерин жумшашты; көптөгөн атайын окуулардан өтүштү жана өздөрү түрдүү коомдук иш-чараларды өткөрүштү, кеп-кеңештер берилген жолугушууларга келишти. Бул аракеттердин бардыгын түшүнөбүз, бирок аны менен бирге биздин Чакан гранттар программасынын 2018-жылга карата бөлүнгөн жалпы гранттык каражат 35 миллион сомдон ашпай тургандыгын эстете кетебиз. Андыктан Сынак комиссиясынын алдында чоң иш жана жоопкерчилик – 121 долбоордун ичинен мыктылардын мыктысын тандап алуу милдети турат. Учурдан пайдаланып, мен сынакка өз табыштамаларын жиберген биздин өнөктөштөрүбүзгө сабырдуулук жана чыдамкайлык каалап кетет элем. Биз бүгүн келип түшкөн табыштамалар менен иш баштадык. Ар бир долбоордук табыштамага Сынак комиссиясынын мүчөлөрүнө берилерден мурда, атайын код коюлуп, объективдүү жана адилет баалануусу үчүн муниципалитет тууралуу бардык маалымат алынып салынат. Башкача айтканда, сынакта муниципалитетте эмес, табыштамаларда сүрөттөлгөн долбоорлор күч сынашып, бааланышат”, – деди Султан Майрамбеков, Долбоордун грант боюнча адиси. 

Сынактын эң негизги шартына ылайык, 2018-жылы бир долбоор үчүн гранттын суммасы 1 миллион сомдон (болжол менен 15 600 швейцариялык франктан) ашпайт. Арыз берүүчү Конкурска 2ден ашык эмес долбоордук табыштама бере алат жана 2ден ашык грант ала албайт. Акча каражаты Кыргыз Республикасынын сому менен, Долбоорго кызмат көрсөтүүчү комерциялык банктын, которуу күнүнүн валюталык курсу менен которулат. Мында жамааттын салымы гранттык долбоордун жалпы баасынын 10% кем болбошу керек.