Нарын облусунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы: Мамсатып алуулар боюнча окуудан кийин, мурунку кемчиликтеримди түшүндүм

Нарын облусунун Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы: Мамсатып алуулар боюнча окуудан кийин, мурунку кемчиликтеримди түшүндүм

Мындай пикирин Насыбалы уулу Каныбек “Мамлекеттик сатып алууларды (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) башкаруу” темасындагы практикалык семинардан кийин билдирди.

Аталган темадагы практикалык семинарлар 2018-жылдын 10 – 14-апрель күндөрү Ош шаарында, 16 – 20-апрель күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлдү. Иш-чаралар Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган "Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс" долбоорунун Чакан гранттар программасынын алкагында уюштурулган. 

Ош жана Нарын облустарынын 23 айылдык аймагынын тиешелүү адистери жана Долбоордун аймактык 4 координатору катышкан бул семинарлар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборлорунда Өнүктүрүү саясат институту менен Финансы министрлигинин ортосунда түзүлгөн Меморандумдун негизинде өткөрүлдү.  

“Бишкек шаарында өткөрүлгөн семинар Нарын облусунун өкүлдөрү үчүн уюштурулду. Беш күн аралыгында катышуучулар «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» КР Мыйзамы, мамсатып алуулар процессинин жол-жоболору, сатып алынуучу товарлардын сапатына болгон талаптар, техникалык өзгөчөлүктөрүн иштеп чыгуу, алардын максаттары жана тапшырмаларын өздөштүрүштү. Семинардын соңунда бардык катышуучулар окуу программасын өздөштүргөндүгүн сыноо максатында 30 суроодон турган тест тапшып, анын жыйынтыктары боюнча сертификаттарды алышты“ – дейт Айнура Турсунова, Долбоордун Чакан гранттар программасынын ассистенти.

Катышуучулар өткөрүлгөн практикалык семинарлар кээ бирлери үчүн жаңы тема болгондуктан, алар үчүн 5 күн азыраак болуп калгандыгын,  бирок бул тема алар үчүн зарыл жана маанилүү болгондуктан, алар мындан ары бул багытты өз алдынча тереңирээк өздөштүрө тургандыгын айтышты. Ал эми бул багытта мурун иш алып барган кээ бир катышуучулар окуудан кийин мурун кетирген кемчиликтерин жана каталарын түшүнүп, мындан ары аларды кайталабашка аракет жасай тургандарын айтышты. 

Кошумча маалымат: